Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

ЮКОСтун тагдыры дале бүдөмүк


Россиянын ЮКОС мунай компаниясынын каржы директору Брюс Майсмор президент Владимир Путин компанияны кыйроодон сактап кала алат деп билдирди. “Уол Стриит Жорнэл Юорэп” басылмасында жарык көргөн макалада Майсмор ЮКОСтун каржылык кыйынчылыктары үчүн Путин жоопкер деп жазат.
Орус өкмөтү компаниядан 2000-2001-жылдар үчүн 6 миллиард 800 миллион доллар өлчөмүндөгү салык төлөөнү талап кылууда.
Россиянын каржы министринин орун басары Сергей Шаталов ЮКОСко карызын кайтаруу үчүн кошумча убакыт берилиши ыктымал деп билдирди.

XS
SM
MD
LG