Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

МИЛОШЕВИЧТИН СОТУ КИЙИНКИГЕ КАЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 5-июлда Гаагадагы эларалык трибунал Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин ишин угууну кийикиге калтырды. Соттун мындай чечимин негиздеп жатып сот Патрик Робинсон Милошевичтин ден соолугу процесстин жүрүшүнө олутуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.

Трибуналдын чечимин негиздеп жатып, сот Патрик Робинсон процесстин Милошевичтин ден соолук ахвалына карабай улантылышы соттун жүрүшүнө өтө чоң таасир этиши ажеп эмес экенин баса белгиледи:

- Aйыпталуучу Милошевичтин ден соолугуна байланыштуу соттун жүрүшүн жана анын улануусун кайра карап чыкканга убакыт келип жетти,- деди Робинсон.

62 жаштагы экс-президент Милошевичтин ден соолугун текшерип чыккан доктурлар анын ички органдары кан басымынын жогору болгондугунан олуттуу жабыркап жатканын жана айыпталуучу качан болбосун жүрөк талмасына туш болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Милошевичтин ден соолук ахвалынын соттун жүрүшүнө өтө жагымсыз таасир тийгизиши мүмкүн экенин Гаагадагы эл аралык трибуналдын өкүлү Жим Лэндэйл дүйшөмбү күнү мындайча чечмеледи:

- Милошевич мырза өтө олуттуу саламаттык проблемаларына туш болууда. Ал үзгүлтүксүз медициналык көзөмөлгө муктаж. Ошон үчүн биз анын түрмөдө тийешелүү медициналык жардам алып, сотту уланта тургандай жагдайда болуусуна шарт түзүүбүз керек.

Лэндэйл Милошевичтин ден соолугунун таптакыр жараксыз болуп, сот алдына чыга албай калышына эч ким кызыкдар эмес экенин баса белгиледи.

Сот Милошевичтин коргонууга убактысы келип жеткен учурда кийинкиге калтырып отурат. Эсиңиздерге сала кетели, адвокаттардын жардамысыз коргонууну чечкен Милошевич түрмөдөгү камерага койулуп берилген компьютер, факс жана телефондун жардамы менен коргонууга керектүү материалдарды топтоп жатат. 5-июлда Милошевич сотторду ага коргонууга ойдогудай даярдык көрүүгө мүмкүндүк бербей, ден соолугунун начарлашына түрткү болуп жатышат, деп айыптады:

- Менин ден соолугумдун начарлаганынын себеби - мага коргонууга даярдык көрүү үчүн жетиштүү убакыт бербей жатканыңарда. Бул - айдан ачык. Мага тийешелүү убакыт берүүгө милдеттүүсүңөр, бул менин көз карашым,- деди Милошевич.

Милошевичтин үстүнөн 2002-жылы башталган сот жараяны анын ден соолугуна байланыштуу нечен жолу үзгүлтүккө учураган. Милошевич 1990-жылдардагы Балкан согушунда тукум курут кылуу жараянын уюштурган жана адам баласына каршы кылмыш жасаган деп айыпталууда.

Милошевичке 170 миң хорваттарды жана башка улуттун адамдарын депортациялап, үй жайынан ажыртып тентиткен, миңдеген адамдарды адам чыдагыс ахвалда кармап, кыйнаган деген айып тагылууда. Таныктуу мааламаттар боюнча, 1991- жылкы согушта Словениянын Краина чөлкөмүндө 700 тынч жаткан жазыксыз адам өлтүрүлгөн.

Ошол эле жылы ноябрь айында Вуковарды басып алган серб аскерлери ооруканада жаткан хорват улутундагы 255 кишини жана башка улуттагы оорулууларды тепкилеп, сабап, кордук көрсөткөн. Андан соң аскерлер аларды алыскы мал кепелерге айдап барып, атып өлтүрүп, чогуусу менен көмүп салышкан. Мунун жоопкерчилиги да Милошевичтке жүктөлүп жатат.

Булардан сыткары Милошевичке 1995-жылы Босниянын Сребреница кыштагында 7000дей эркекти, анын катарында, эркек балдарды кырдырып салган, деген айып тагылууда. Ошону менен катар эле Омарска жана Кератерм деген туткундар лагерлерине миңдеген серб эмес улуттагы адамдар камалып, алардын кыйласы өлтүрүлгөн. Мунун жоопкерчилиги да Милошевичке тагылып жатат.

Ошондой эле экс-президент 1999-жылы 800 миңдей Косоволук албанды жашаган жерлеринен сүрдүргөн, деп айыпталууда. Анда Югослав аскерлеринин куралдуу чабуулдарынан 900гө жакын киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG