Пресс-конференцияга Мисир Ашыркуловдон сырткары бирикменин координациялык кеңешинин мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Эмил Алиев жана Мелис Эшимканов катышты. Кеңештин калган үч мүчөсү Адахан Мадумаров, Алмаз Атамбаев жана Марат Султанов башка жактарга сапарга кеткендигине байланыштуу алар маалымат жыйынына катышпай калгандыгы түшүндүрүлдү.
Алгач сөз алган Мисир Ашыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эсенгул Өмүралиевдин өткөн жылы күзүндө “Слово Кыргызстана” гезитине берген интервьюсунан цитата келтирүү менен баштады. Анда элчи “акыркы жылдары бийлик үчүн күрөштө моралды эске албай, өлкөнүн аброюн кетирдик. Бул улана берсе коомдо моралдык кыйроо болот”, деп жазган экен. Мисир Ашыркулов:
- Албетте коопсуздук кеңешинин катчысы катары мен мындай белгилүү саясатчы эскертип жаткандан кийин, 2005-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун кандай өтүшү тууралуу ойлонуп калдым. Ошондуктан, "бул бирикмеге мени кокусунан келип калды" дегендерге айтаарым: мен Санкт Петербургда дарыланып жатканда эле бул жөнүндө өтө көп ойлонуп, оппозициясын да, позициясын да бириктире турган уюм түзүүнү көздөгөнмүн, - деди.
Ашыркуловдун пикиринде, биримдиктин тарапкерлери бийликтегилер арасында да арбын.
Андан кийин сөз сүйлөгөн Эмил Алиев атуулдук биримдиктин негизги максаты элди шайлоого тартып, адилет добуш берүүнү камсыз кылуу деп белгиледи.
Ал эми Өмүрбек Текебаев бул максатты турмушка ашыруу үчүн биримдик бардык өкмөттүк эмес уюмдар, активдүү атуулдар менен кызуу иш жүргүзүп жатканын билдирди:
- Октябрь айынын аягынан тартып ноябрдын башына чейин өлкө боюнча байкоочулардын кеңири жайылтылган бөлүмдөрүн түзөбүз. Биз өлкө боюнча 10 миң байкоочу даярдоону максат кылып жатабыз.
Мындай билдирүүлөр айтылгандан кийин суроо-жооп болду. Алгачкы суроо Мисир Ашыркуловдун Москвада жүргөндө эмне иш жасагандыгы тууралуу болду. Ага Ашыркулов “жеке өзүмдүн иштерим менен жүрдүм. Азыр жумушсузмун, үй-бүлөмдү багышым керек. Кыргызстанда иш жүргүзүүгө шарт начар болгондуктан, шарты дурусураак жерде ишкерлик кылып жатам”, деп жооп берди.
Ашыркулов, ошондой эле, бул жерде өмүрүнө кол салуу коркунучу дале сакталып турганын, ал эми эмки жылдагы президенттик шайлоого катышпасын билдирди.
"Келечектеги шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербеш үчүн биримдик кандай аракеттерге барат", деген суроого “мыйзам чегинде укукту коргоого аракет жасайбыз” деген жооп болду.
Ал эми өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал боюнча суроолор берилгенде, биримдиктин кеңешинин төрагасы ал маселелер боюнча эч кандай комментарий бере албасын айтып, ал жетектеген бирикме бир гана таза, ачык жана калыс шайлоо өткөрүү милдетин аркалап жатат, деп билдирди.