Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК СЫРЫН САТКАН ДЕП КАРМАЛГАНДАРДЫН АТТАРЫ АТАЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов маалымат жыйынын өткөрдү. Ал «мамлекеттик сырды башка өлкөлөргө берүүнү көздөгөн» деген айып менен мындан бир нече күн илгери кармалган алты адамдын аты-жөнүн, иштеген кызматтарын жарыя кылды.

Калык Иманкуловдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан «мамлекеттик сырды таратууга аракет жасаган” деген айып менен беш адам камакка алынган. Алардын арасында Транспорт жана байланыш министрлигинин кызматкери Анвар Макеев, Ички иштер министринин кызматкери Чолпон Эргешова, Ички иштер министринин мурдагы кызматкери Улукбек Аширбеков, ишкер Нурбек Хаваншанов жана жогорку окуу жайынын мугалими Рашид Юсупов атуу жарандар бар. Мындан сырткары ушундай эле шек менен 2004-жылдын 1-июлунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, соңку мезгилдерде чегара кызматында иштеген Гелсинбек Акималиев аттуу атуул кармалган.

Иманкуловдун айтымында, алардын барына тең Кылмыш кодексинин 300-302-304-беренелери боюнча «чет өлкөлүк уюмдарга мамлекеттик сырды берүүнү көздөгөн» деген айып коюлууда. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызмат төрагасы кармалган атуулдар, белгилүү бир чет өлкөлүк уюмдар тарабынан каржыланып, маалымат топтогондугун айтып, кайсыл өлкөгө маалымат берүүнү көздөшкөн, деген суроого «кандайдыр бир өнүгүп келаткан үчүнчү дүйнөдөгү өлкөгө» деп, бирок ал мамлекетти так атоодон баш тартты.

Ал эми журналистердин "кандай мамлекеттик сырларды тараткан", деген суроосуна Иманкулов мындай жооп берди:

- Кармалган адамдар тарабынан толук, кеңири маалымат топтолгон. Өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу, ошондой эле, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн курамы, алардын кайсыл жерге жайгашкандыгы, аскердик даярдыгы жана стратегиялык планы жөнүндө маалыматтар болгон. Тагыраак айтканда, кандайдыр бир өнүгүп келаткан үчүнчү дүйнөдөгү өлкөнү кызыктырган кеңири маалымат топтолгон.

Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси тергөө кеминде үч айга созулаарын кошумчалады.

Белгилей кетүүчү нерсе, маалымат жыйында Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы өкүлү Акималиев Гелсинбектин күн мурунтадан видеотасмага жазылып алынган билдирүүсү журналистерге угузулду. Акималиев Гелсинбек Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттарынын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттарды иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басары Алишер Абдымомунов менен жолугуп, Улуттук коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар документтерди бергендигин маалымдады:

- Биз Алишер Абдымомунов менен көбүнчө Улуттук коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөштүк. Ал менден Улуттук коопсуздук кызматынын саясатчылар, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө жасаган аракеттерин тастыктаган документ берүүмдү талап кылды. Ал өз сөзүндө Улуттук коопсуздук кызматынын төргасы Калык Иманкулов иштен алынаарын айтты. Ошондой эле, ал мага Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы жумуштан алынып, анын ордуна алардын адамы келсе мага жакшы кызмат берүүнү убада кылды. Андан соң мен өз жумушумдагы жана документ түзүүдөгү тажрыйбамды колдонуп, бир нече документ даярдап, Алишер Абдымомуновго алып барып бердим,- деди учурда камакта жаткан Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Акималиев Гелсинбек видоетасмада.

Журналистердин Акималиев Гелсинбектин жогорудагыдай билдирүүсү депутаттык комиссиянын маалыматынын чындык экендигин далилдей алабы, деген суроосуна Калык Иманкулов жооп берүүдөн баш тартты.

Ал эми депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басары Алишер Абдымомунов «Азаттыктын» кабарчысына Акималиев Гелсинбекти тааныбай тургандыгын билдирди:

- Биринчиден, мен ал баланы тааныбайм, экинчиден, мен андан эч нерсе алган эмесмин. Бул кандайдыр бир провокация экендиги көрүнүп турат. Маалымат алууда комиссия эч кимди кыйнаган эмес. Комиссияга зордуктап маалымат берген учурлар болгон. Алар «алгыла, айткыла биздин министрлик болбой калды» деп өз каалоосу менен маалымат алып келип беришкен.

Ошондой эле Алишер Абдымомунов:

- Мына ушул күнгө чейин Улуттук коопсуздук кызматы «бизде мындай маалымат жок, болгон эмес, мындай жумушту жасаган эмеспиз, мындай кишилер жок» деп келген. Ал эми бүгүн болсо алардын бир кызматкери коопсуздук кызматынын жетекчилигинин буга чейинки айткандарын жокко чыгарып, коопсуздук кызматында жасалган иштер тууралуу маалыматты башка бирөөгө бергенин мойнуна алып жатат. Демек, депутаттардын, атуулдардын укуктары бузулгандыгы чындык экен да.

XS
SM
MD
LG