Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

ЮКОСтун КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨ МӨӨНӨТҮ АЯКТАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын салык министрлиги өткөн жумада ЮКОС мунай компаниясын беш күндүн ичинде 2000-жылы төлөнбөй калган 99 млрд. рубль карызды кайтарып берүүгө милдеттендирген. Компанияга берилген убакыт бүгүн аяктады. Бирок министрликке карыз кайтарыла элек. Ушул тапта ЮКОСтун айланасындагы окуялар дээрлик жыйынтыктап калгансыйт. Анткени эгерде компания карызды кайтарбаса, анын мүлкү толугу менен тартылып алынышы ыктымал. Демек, ал банкротко учурайт.

7-июль күнү Москва шаардык соту ЮКОС ага жүктөлгөн карызды төлөбөй, өзүнүн чыгарган чечимин аткарбай жаткандыгы үчүн компанияга каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу кабарлаган Орусиянын Юстиция министрлиги кылмыш иши шаардык прокуратуранын макулдугу менен козголгондугун билдирди.

Ошол эле учурда айыпталып жаткан компания шаршембиде «бийлик өкүлдөрү укук коргоо органдарынын куралчан кызматкерлери менен ЮКОСтун акционерлери тууралуу маалыматты сактап турган «М-Реестр» компаниясынын кеңсесин тинтип жатышкандыгын кабарлаган.

Айрым байкоочулар «бийлик өкүлдөрү бул аракеттери менен эгерде ЮКОС мойнуна жүктөлгөн карызды өз убагында төлөөдөн баш тартып, такыр эле ымалага келбей туруп алса, анда чабуулду кимге жасоону биле тургандыктарын түшүндүрүштү» дешет.

Ал эми шаршембиде Financial Times басылмасы тараткан маалыматка ылайык ЮКОСтун мурдагы кожоюну, учурда камакта жаткан Михаил Ходорковский өкмөт башчы Михаил Фрадковго, каржы министри Алексей Кудринге компанияны банкроттон сактап калуу максатында ЮКОСтогу өзүнүн акцияларын сатууну сунуштаган кат жөнөткөн. Ошол эле замат өкмөт да, министрлик да, андан кийин ЮКОСтун өкүлдөрү да кат тууралуу маалыматты четке кагышты.

Ходорковскийдин адвокаты Антон Дрель кийинчерээк маалымдагандай, ЮКОСтун мурдагы кожоюну өкмөткө кат жөнөтпөсө да, ушул өңдүү сунушун билдиргени чын.

- Михаил Ходорковский ЮКОСтун директорлор кеңешине компаниянын ири акционерлерине таандык акциялардын пакетин ЮКОСту банкротко учуратпагандай кылып колдонууну сунуш этти, - деди адвокат Антон Дрель.

Негизи, ЮКОС бир жылдан ашуун мезгилден бери бийлик өкүлдөрү менен болгон чатактан башы көтөрүлбөй келатат. Көпчүлүк жергиликтүү жана эларалык байкоочулар анын айланасындагы окуялардын саясий өңүтү бар деп эсептешет. Алардын пикиринде, Орусиянын бүгүнкү жетекчилиги Михаил Ходорковскийди саясий жигердүүлүгү үчүн жазага тартты. Анткени жеке мүлкү 15 млрд. долларды түзгөн өлкөнүн чириген байы Ходорковский акыркы жылдарда оппозициячыл партияларды каржылап келгендиги маалым.

Эларалык коомчулук Орусияда мунай өндүрүү боюнча эң ири ишканалардын бири ЮКОСко тиешелүү окуяларга тынчсыздангандыгын көптөн бери эле билдирип келет. Бул жолу шаршембиде, Москвага болгон сапары учурунда Британиянын тышкы иштер министри Джек Стро ЮКОСко тиешелүү окуялар тынчсыздандырып жаткандыгын айтты.

- Британия Орусиянын экономикасына ири көлөмдө инвестиция жасаган мамлекеттеринин катарына кирет. Андыктан биз орус жергесиндеги экономикалык жагдай туруктуу болушун каалайбыз, - деди Джек Стро.

Ушундай эле маанидеги билдирүүнү АКШнын мамлекеттик департаменти бейшемби күнү таратты.

Бул өңдүү ойлорго жооп катарында Кремль «ЮКОСко карата көрүлүп жаткан чаралар өлкөдөгү экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы жүргүзүлүп келаткан саясаттын алкагында ишке ашып жатат» деп билдирет.

XS
SM
MD
LG