Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

КАНТ АВИАБАЗАСЫНДАГЫ ОРУС АСКЕРЛЕРИНЕ КОЛ ТИЙБЕСТИК УКУГУ БЕРИЛДИ


Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары ушул аптада Канттагы авиабаза тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кол коюлган келишимди ратификациялашты. Ага ылайык Кантта жайгашкан орус аскерлерине кол тийбестик иммунитети ыйгарылды. Мындай кол тийбестик укугу мындан мурда антитеррордук коалициянын Гансидеги аскерлерине да берилген эле. Жакында болсо айрым басылмалар «Кантта кызмат өтөгөн бир аскер кылмыш жасаптыр, эми ал кайсы мамлекеттин мыйзамы алдында жооп бериш керек» деген маалыматты таратышты. Орус аскерлери ал кабардын калп экенин айтышууда.

Канттагы орус авиабазасынын статусу жана анын жайгашуу шарттары тууралуу Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишим 2002-жылдын 5-декабрында кол коюлган. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары ХХ сессиясынын алкагында бул документти 6-июлда ратификациялашты. Ошентип орус аскерлерине кол тийбестик иммунитети ыйгарылды.

Президент Аскар Акаевдин Эл өкүлдөр жыйынындагы өкүлү Усуп Мукамбаевдин пикири боюнча, Орусия Кыргызстандын эң жакын өнөктөшү болгондуктан орус аскерлерине мындай укуктун берилиши толук мыйзамченемдүү көрүнүш:

- Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Анткени Орусия менен биз КМШ алкагында бир биримдиктебиз. Антитеррордук күчтөрдүн Ганси авиабазасындагы аскерлерине иммунитет берип туруп, орус аскерлерине аны бербей коюу – эларалык укук нормаларына каршы келет. Анын үсүтүнө биз Орусия менен башка мамлекеттерге караганда өтө ысык ымаладабыз.

Эске сала кете турган маалымат, кол тийбестик иммунитетине ээ болгон чет элдик аскерлерден айрым кыргызстандыктар буга чейин жапа чегишкен болчу. 2002-жылдын март айында Ганси авиабазасында кызмат өтөп жаткан америкалык Дэниэл Мерион «Тойота Лендкрузер» автомашинасында баратып, кыргызстандык эки жаранды – Анара жана Бактыгүлдү сүзүп кеткен. Гезиттердин ошондо жазганына караганда рулда бараткан Дэниэл Мерион ичимдик ичип алган экен. Окуя болгон жерге келген МАИ кызматкерлери Мерионду анын кол тийбестик иммунитети болгондуктан, ичимдик ичкен, ичпегенин текшере алган эмес. Мерион көп өтпөй эле Кыргызстанды тез арада таштап чыгып кеткен болчу. Башкача айтканда, ал окуя үчүн америкалык аскер Кыргызстандын мыйзамдары алдында жооп берген эмес.

Жакында жергиликтүү басылмалар дагы бир маалымат таратышты. Анда «Канттагы авиабазада кызмат кылып жаткан бир орус жоокери кыргызстандык кызды зордуктап салыптыр» делип айтылат. Биз Канттагы авиабазага телефон аркылуу кайрылдык. Подполковник Абдулкин мындай маалыматты чагымчылык деп билдирди:

- Туура эмес маалымат. Бул – чагымчылык. Гезитке тактоо берип жатабыз. Ал «Московский комсомолец» гезитине басылат.

Бул маалымат тууралуу кабары барбы деп биз Кыргызстандын укук коргоо мекемелерне да кайрылдык. Кант районунун прокурорунун орун басары Турусбек Мурзабаевдин айтымында, Кант авиабазасы өзгөчө статуска ээ жана анын аймагында кандай гана окуя болбосун Кыргызстандын бийликтери ага кийлигише албайт:

- Орус авиабазасында болгон окуяларга биздин тийешебиз жок. Кыргызстан да кол койгон Минск конвенциясы бар. Ага ылайык авиабаза аймагында болгон окуялар, чыр-чатак, зордуктоо болсо – аларды Орусия карайт.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхах Масалиев «кандай болгон күндө да Кыргызстандын аймагындагы чет элдик аскерлердин кол тийбестик иммунитетине каршымын» дейт:

- Мен буга каршымын. Анткени, ар бир жаран кылмыш кылса ошол мамлекеттин мыйзамдарынын алдында жооп бериши керек. Эгер согуш болсо гана ошол учурда аскерлер иммунитет алышсын. Бирок тилекке жараша, Кыргызстанда андай абал түзүлгөн жок. Согуш жок. Ошондуктан, чет элдик аскерлер да Кыргызстандын катардагы атуулдары сыяктуу эле мыйзам алдында тең болушу керек. Эсиңиздерде барбы, америкалык аскер машина менен биздин жарандарды сүзүп кеткен. Ал аскер качып кутулду. Ошондуктан, мындай кол тийбестикти алып салуу керек.

Исхах Масалиев «Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан, өз суверенитетин Кошмо Штаттары, Орусия сыяктуу үлкөн державалардын жардамы менен коргоп тургандыгын түшүнсө болот» дейт.

Анын мындай пикирин баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Jane's Sentinel тобунун талдоочусу Алекс Ватанка да колдоого алат:

- Кыргыз өкмөтү бул мыйзам нормасын кантип колдоноору белгисиз. Кыргыз президенти мурда да, азыр да коңшуларынын басымы алдында келетат. Кыргызстандын Өзбекстан менен проблемалары бар. Кытайга жер берди. Чет өлкөлүк аскерлерге кол тийбестик иммунитетин ыйгаруу – кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгын көрсөтүп турат.

Сүрөттө: Аскар Акаев менен Владимир Путин Канттагы орус авиабазасынын ачылышында (23-октябрь 2003-жыл).

XS
SM
MD
LG