Улуттук банкта жүрүп жаткан реформага токтолгон Сарбанов, өлкөнүн башкы банкынын структурасын да, кызматкерлеринин санын да омтимизациялоо жүрөөрүн кабарлады. Ал ошондой эле, Улуттук банк кол алдындагы бир катар мекемелерден арылып жатканын маалымдап, анын бир мисалы катары “Кайрат” банкты менчиктештирүүнү атады.
Маалым болгондой бул банктын акцияларынын контролдук бөлүгүн Казакстандын “Халык банкы” сатып алууда. Бул ушуну менен Кыргызстандагы үчүнчү банктын коңшу мамлекеттин көзөмөлүнө өткөнүн билдирет. Буга чейин “Автобанк”, андан кийин “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы казак банктарынын көзөмөлүнө өткөн.
Россияда башталган банк кризисинин Кыргызстанга тийгизээр таасири тууралуу суроого Улан Сарбанов мындайча жооп берди:
- Россиядагы кырдаал орус банктары менен байланышы бар жергиликтүү банктарга таасир этиши ыктымал. Анткени биздин негизги соода өнөктөшүбүз - Россия. Анын банктары менен жергиликтүү банктардын байланышы арбын. Бирок мен Россиядагы кырдаалды банк кризиси деп атай албаймын. Аны банк системасына ишенимдин кетишинен пайда болгон туруксуздук деп атасак болот.
Улуттук банктын башчысы анын өмүрүнө кол салуу болуп, ага ок атышканын Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында билдирген эле. Бул факты тууралуу суроого башкы банкир түз жооп берүүдөн баш тартып, буларга токтолду:
- Коопсуздук маселеси боюнча Улуттук коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине маалымат берилет. Бул маселе менин үйбүлөмө байланыштуу болгондуктан, мен аны майда- чүйдөсүнө чейин талкуулагым келбейт. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлоймун.
Бирок башкы банкирдин өмүрүнө кол салуу фактысы тууралуу эч кандай маалыматты билбестигин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов, коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мисир Ашыркулов да “Азаттыктын” кабарчысына бейшемби күнү билдирген эле.
Ал эми Улуттук банктын күз айларында аткара турган негизги иштерине токтолгон Улан Сарбанов сентябрь айынан баштап банк системасы боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү багытында парламент менен, Эл аралык валюта кору менен иш жүрөөрүн айтты. Ошондой эле ал Париж клубу менен тышкы карызды реструктризациялоо багытында тыгыз иштейбиз деп билдирди.