Документтин долбоорунда Хартум өкмөтү Дарфурдагы дыйкандарга каршы куралдуу зомбулукту токтотуп, гуманитардык кызматкерлерге качкындар жайгашкан чөлкөмдөргө барууга мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Андай болбогондо өлкөгө каршы санкция киргизилет деп эскертилет.
Кошмо Штаттардын БУУдагы жаңы элчиси Жон Данфорт шаршембиде билдиргендей, Вашингтон Судан өкмөтүнөн кечиктирилгис чараларды күтөт:
- АКШ резолюциянын долбоорун таратып берди. Аны карап чыккан эксперттер резолюциянын кабыл алынышына даяр болот деген ишенимдебиз. Ошондо Судан өкмөтү кандай чара көрөөр экен. Суроо мына ушунда.
БУУнун гуманитардык программасынынын жооптуу кызматкерлеринин бири Ян Эгеланддын ырастоосунда, Дарфурдан 1,2 миллиондой киши башка жерлерге көчүп кетүүгө мажбур болгон. 200 миңге чукул судандык кошуна Чадда баш калкалап жүрөт:
- Кырдаал өтө оор, чыдагыс болуп калды. Аны өзгөртүүгө убакыт келди. Судан өкмөтү өз саясатын өзгөртүш керек, эл аралык коомчулуктун көбүрөөк кийлигиши тилекке ылайык. Саясий процессти ыкчамдатуу зарыл, анткени, биз, гуманитардык кызматкерлер, ырбап кеткен жараны бүтөө менен эле алекпиз.
“Эмнести интернешнл”, “Хьюман Райтс Уотч” өңдүү эл аралык уюмдар, БУУнун Судандагы кызматкерлери расмий Хартум араб эмес дыйкандарга каршы багытталган кампаниясында араб согушкерлерине таянаарынан күмөн жок деп эсептешет.
Эл аралык кризис тобунда мындай шектенүүнү далилдеген фактылар бир топ деп ырастайт уюмдун Африка боюнча жооптуу кызматкери Стефен Эллис:
- Кээ бирлер этникалык тазалоо жөнүндө, башкалары, атүгүл, геноцид деген терминди колдонуп жүрүшөт. Кандай болбосун, дыйкандарды Дарфур чөлкөмүнөн сүрүп чыгып, аларды жакшыраак көзөмөлдөп туруу үчүн шаарлардагы лагерлерге жайгаштыруу боюнча координацияланган аракеттерге күбө болуудабыз. Мындай саясатты Судандын борбордук жетекчилигинин куралдуу күчтөрү жана “Жаньявид” деп аталган жергиликтүү милиция жүргүзүп жатат.
“Бул жаңжалдын этникалык жүйөөсү бар”, - дейт Эллис. Анткени армия арабдардан куралган. Ал эми дыйкандар ар кандай майда уруулардын өкүлдөрү.
Батыш лидерлери же БУУнун расмий адамдары болсо Дарфур кризисин геноцид деп аташа элек. Ошону менен бирге Улуттар уюмунун баш катчысы Коффи Аннан өткөн аптада чөлкөмгө барып келгенден кийин, ал жердеги абалды “этникалык тазалоого жакын” деп сыпаттады.
Ал эми Судандын жетекчилиги көтөрүлүшчүлөрдү ооздуктап, тартип орнотуу аракеттерин көрүүдөбүз деп, араб согушкерлери менен кызматташуусу жөнүндөгү айыптоолорду четке кагып келатат.
Аннан менен биргелешкен коммюникеде өлкө президенти Омар Эл-Башир согушкерлерди куралсыздандырууга, адам укуктарын бузгандарды жазалоого, гуманитардык кызматкерлерге виза жана башка чектөөлөрдү алып салууга убада берди.
АКШ Судан бийлиги ислам согушчандарына, 1990-жылдардын башында болсо Ал-Каиданын анабашы Усама бин Ладенге баш калка берип жүргөн деп, өлкөнү терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизген.