Эки жумадан бери ачыкка чыгарылбай жашыруун кармалып, эми гана аты-жөндөрү коомчулукка жарыяланган алты адамдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу кечээ Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов журналисттерге кабарлаган. Бирок камакта жаткандардын укугу кандай корголуп жаткандыгы, алардын жактоочулар менен камсыз болгон-болбогондугу тууралуу сөз болгон жок. Бул маселе элдин тынчсыздануусун туудуруп, коомчулуктун көңүлүн бурууда. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын ою:
- Кармалып жаткандар жактоочулар менен камсыз болгон-болбогону дагы деле белгисиз. Мыйзам боюнча алардын баары биринчи секунддан баштап жактоочу алуусу керек болчу. Эгерде жактоочулар бар болсо, алар коомчулукка кандай иш жүрүп жаткандыгын билдирип турууга тийиш, эч кандай маалымат, кабар жок
Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда атуулдук коом тарабынан бул процесске көзөмөл жүргүзүлүп жатат:
- Бул процессти биз дагы кандайча болот, эмне кылат деп байкап отурабыз. Анткени бул жерде жашыруун маалымат таркатылып кеткендиги жөнүндөгү сөз - кургак сөз. 8-июль күнү биздин коом Биринчи Май райондук сотуна Улуттук коопсуздук кызматын сотко бердик. Алар өздөрүнүн көзөмөл жүргүзгөн иштерин бизге көрсөтсүн.
Кыргызстандагы бир катар эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган алты атуул жана алардын жакындары укук коргоо уюмдарына жардам сурап кайрылышкан эмес.
«Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдурасулованын айтымында, эгер кармалган атуулдардын өздөрүнөн, жактоочуларынан же жакындарынан арыз, кайрылуулар түшсө алардын укугун коргоп бере алышат.
Ушундай эле жоопту Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинен да билдиришти.
Азырынча шектелип кармалгандардын кайсы чет өлкөлүк уюмдарга жашыруун маалымат бергендиги тууралуу так айтыла элек. Бирок алардын бири, мурдагы улуттук коопсуздук кызматкери Гелсинбек Акималиев күн мурунтан видео тасмага жаздырылып алынган билдирүүсүндө жашыруун маалыматтарды Жогорку кеңештин депутаттары Алишер Абдымомунов менен Исмаил Исаковго берип жүргөндүгүн айткан. Аты аталган депутаттардын бири - Алишер Абдымомунов күн мурунтан тасмага жаздырылган билдирүүнүн көрсөтүлүшүн Улуттук коопсуздук кызматы өз мүчүлүштүктөрүн жымсалдоо максатында атайын Акималиевди мажбурлап айттырышкан деген ойдо:
- Камалып жатып ошол билдирүүнү берип жаткан кишинин сөзүнө эч ким ишенбейт. Анын камактагы сүйлөгөнүн тарттырып, жаздырып алып, анан журналисттерге көрсөтпөй эле, өзүн алып келип силер менен жолуктурса болбойбу? Ал бошогондон кийин таптакыр башкача айтаарына мен ишенем. Анткени аны коркутуп, ошол сөздөрдү камеранын алдында сүйлөөгө мажбурлашкан,- деди депутат Алишер Абдымомунов.
Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү мекемеде адам укугун коргоо маселеси жакшы деңгээлде экендигин билдирип, кармалган адамдардын укуктарын коргоо үчүн адвокаттар дароо тартылгандыгын кабарлады. Анын айтымында, жактоочулар учурда жүрүп жаткан тергөө иштерине катышып жатышат.