Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

Төрагага кол салуу болгон, болбогону белгисиз


БИШКЕК. «Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановго ким тарабынан, качан кол салуу болгондугун билбейм. Кол салуу жөнүндө Улан Сарбанов учурунда бизге маалымдаган да эмес». Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов мындай пикирин «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Эске сала кетүүчү нерсе, өткөн аптада Улан Сарбанов Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып өзүнө кол салуу болуп, ага каршы ок атылгандыгынан улам 3 миллион 200 миң сомго бааланган үйдү банктын эсебинен сатып алууга мажбур болгондугун билдирген. Ал эми бүгүн өткөн маалымат жыйында Улан Сарбанов качан, ким тарабынан ага кол салуу болгондугун ачык айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG