Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

КМШ ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ЕККУну СЫНГА АЛДЫ


Июль айынын башында КМШ мамлекеттеринин башчылары Москвада бейформал жолугушуп, орус президенти Владимир Путин уюштурган ат чабышты тамаша кылышкан. Андан бир жума өткөндөн кийин президенттердин ат чабышка эле күйөрман болбой, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ишин сыдыргыга салганы айкын болууда.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмун кескин сынга алган билдирүүнү КМШ мамлекеттери 3-июлда кабыл алганы 9-июлда ачыкталды. Анда ЕККУ Париж, Европа коопсуздугу хартиясын, ал эле эмес, ички иштерге кийлигишпөөнү, эгемендүүлүктү урматтоону талап кылган Хельсинки принциптерин аткарбай жатат. Ошондой эле коопсуздуктун - саясий-аскердик, экономикалык жана гуманитардык ченемдери боюнча бир кылка иш жүргүзбөй, гуманитардык багытка ооп кетип жатат, деп белгиленген.

Андан сырткары Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму кош стандартка жол берүүдө. Ошондуктан ЕККУнун ишмердүүлүгүндө өзгөрүүлөр болуш керек, деп жазылган билдирүүдө.

Бул документке КМШ мамлекеттеринин ичинен Азербайжан, Грузия жана Беларус кол койгон эмес.
Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев Кыргызстандын бул билдирүүгө кошулуш себебин мындайча түшүндүрдү:

- Эгерде башка өлкөлөрдө ЕККУнун кемчиликтери болсо, аны белгилеп,аларга сунуш катары айтып коюу биздин милдет. Ошондуктан ушундай кайрылуу болуп, ага Кыргызстан кошулган болуш керек. Ал эми Кыргызстандын ичинде ЕККУга эч кандай доомат жок.

Ал эми өлкөдөгү саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын бул кайрылууга кол коюушун сынга алууда. Маселен, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов адам укуктарын сактоону негизги милдети катары караган ЕККУга Кыргызстан кезинде суранып жатып мүчө болгонун айтып, буларга токтолду:

- Бул - аябай чоң ката болду. Келечекте Европадагы өнүккөн өлкөлөргө барып, биз силер менен биргебиз дегенде, ошондо алар айтышат, “ой, силер баягыда ЕККУдан баш тартып, аны кош стандарт менен иштейт деп айыптабадыңар беле” деп.

Ал эми “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев ЕККУнун ишмердүүлүгү тууралуу буларды билдирди:

- Менин оюмча, ЕККУ өзүнүн принциптеринен кетпей, өзүнүн принциптерин коргоп, ошол жагынан бизди сындап жатат. Эмне үчүн сындап жатканын биз баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин билдирүүсү туура эмес.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын адам укуктары боюнча комитетинин төрайымы Оксана Малеваная ЕККУ тескерисинче гуманитардык багытта дурустап иштебей жатат деп сынга алды:

- Менин оюмча, алар биздин ишибизге көп кийлигишүү эмес, тескерисинче жетишерлик көңүл бурбай жатышат.

Анын пикиринде, Кыргызстан жетекчилиги бул кайрылууга бардык КМШ лидерлери кол койгондон эле кошулуп койду. Андан башка себеп жок.

Бирок Кыргызстан жетекчилигинин ЕККУну сындаган билдирүүгө кол коюусун жакындап келаткан шайлоолорго байланыштарган саясатчылар да жок эмес. Маселен, “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев ушундай пикирде. Анын айтымында, акыйкат жана таза шайлоо өткөрүүдөн корккон Кыргызстан диктатуралык белгилери көп байкалган өлкөлөргө таянып, ЕККУга каршы чыгууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG