Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

«FORBES» ЖУРНАЛЫНЫН МОСКВАДАГЫ РЕДАКТОРУ ПОЛ ХЛЕБНИКОВ АДАМ КОЛДУУ БОЛУП ӨЛДҮ


Төрөкул Дооров, Москва Forbes журналынын Орусиядагы бөлүмүнүн башкы редактору Пол (Павел) Хлебников кечээ 9-июнь күнү кечинде Москвада жумуштан чыгаар замат белгисиз адамдар тарабынан атылды. Ал «тез жардам» машинесинде бараткан жеринен каза тапты. Азырынча айтылып жаткан негизги болжолдордун бири - Хлебников профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.

Журналист Пол Хлебниковду төрт жолу атышкан, болгондо да түрдүү куралдар менен.

Бирок ал окуянын биринчи мүнөттөрүндө жанындагы кесиптештерине аны ким өлтүрүшү мүмкүн экендиги тууралуу эч нерсе билбестигин, анткени акыркы мезгилдерде көңүлүн тынчсыздандыра турган эч нерсе деле болбогондугун айтууга үлгүрүптүр.
Хлебниковду атышкандар ВАЗ-2115 машинесине отуруп, бойдон көздөн кайым болушкан.

Кирилл Мазурин – Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү:

- Азырынча машинени издөө боюнча жүрүп жаткан аракеттерден майнап чыга элек. Москва шаардык прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жергиликтүү милиция «Хлебниковдун өлүмү анын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу» деп эсептейт.

Хлебниковдун эмгектери эларалык журналисттик топтордун арасында жакшы таанымал. Түпкү теги орусиялык эмигрант, АКШнын атуулу Пол Хлебников 41 жашта болчу. 1989-жылдан бери дүйнөнүн ишкердик чөйрөсүндө абройлуу деп эсептелген америкалык Forbes журналында түрдүү кызматтарда иштеп келди. Кесиби боюнча экономист. Андыктан көп эмгектери Орусиядагы бизнес менен бийликтин ал-акыбалына карата изилдөөлөргө арналган.

1996-жылы Хлебниковдун олигарх Борис Березовскийге арналган «Кремлдин өкүл атасы» деген китеби жарык көргөн. Бул үчүн Березовский аны сотко берген.

Ал эми 2004-жылдан тарта Forbes Орусияда да чыга баштады. Биринчи саптарынан эле журнал ушул мезгилге чейин орус жергесинде бекем сакталып келген тартипти бузуп, өлкөнүн 100 бай адамы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарат. Алардын башында 15 млрд. долларга бааланган жеке мүлкү менен ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы кожоюну Михаил Ходорковский көрсөтүлгөн. Негизи, журналдын бул аракети тизмекке кошулган олигархтардын көпчүлүгү тарабынан терс кабыл алынган.

Мындан бир ай мурдараак Пол Хлебников биздин радиого берген интервьюсунда бул жагдайга токтолуп, Орусияда бай адамдар жеке байлыгы тууралуу сүйлөөнү жактырышпай тургандыгын, анткени бул көптөгөн проблемалардын жаралышына шарт түзөөрүн айткан эле:

- Орусияда, чынында эле, адамдар жеке мүлкү тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруудан чочулашат. Анткени орус жергесинде элдер рынокко, жеке менчикке жана бай адамдардын коомдогу ролуна көнүгүшө элек. Ошондуктан байлар өздөрүнүн байлыгы тууралуу маалымат белгилүү болуп калса, өздөрүн ыңгайсыз сезе башташат. Анткен менен, биздин изилдөөлөргө ылайык, бул жагдай тездик менен өзгөрүп, орус капитализми акырындап, ачык мамилелерди талап кыла баштады. Мунун бир мисалы катарында, бай адамдар бай экендигинен коркушпай, коомдо башын өйдө көтөрүп, ошол эле учурда байлыгы үчүн жоопкерчиликти да сезе башташты, - деген болчу Forbes журналынын орусиялык бөлүмүнүн редактору Пол Хлебников.

“Newsweek” жана “Forbes” журналдарын басып чыгаруучу Леонид Бершидскийдин оюнда, Хлебников ушул жылдын февралынан тарта журналистик изилдөө менен алектенген эмес. «Демек, кимдир бирөөгө Forbes өтө эле жакпай жатса керек» дейт Бершидский мырза:

- Кандай болгондо да Forbes журналынын орусча чыгарылышын токтотпош керек. Бул Полдун долбоору болчу, ошондуктан жок дегенде анын урматы үчүн ишти токтотпошубуз керек. Албетте, журналдын акционерлери учурда анын мындан аркы тагдыры боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Бирок менимче, ал ишин токтотушу дээрлик мүмкүн эмес.

Дагы бир жолу Пол Хлебниковдун бир ай мурдараак айткан сөздөрүнө кайрылалы:

- Орусиялык бизнес дээрлик жабык, ошондуктан анын тибин аныктоо үчүн журналисттик иликтөөлөр талап кылынат. Бирок орус бизнеси тууралуу макалаларды жазуу кызыктуу, анткени ал динамикалуу, тез өзгөрүп турат. Бул жерде бизнеске улам жаңы адамдар келип, алсыздар тездик менен кулап турушат…

XS
SM
MD
LG