Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Египеттин өкмөтү алмашты


Каир. Египеттин президенти Хосни Мубарак өлкөнүн жаңы премьер-министрин дайындады. Өкмөт жетекчилигине буга чейин байланыш жана маалымат министрлигин жетектеп келген 52 жаштагы Ахмед Назиф тандалды. Кечээ Египеттин мурдагы өкмөт башчысы Атеф Обейддин кызматынан чегингендиги тууралуу жарыяланган.
Эми Ахмед Назиф жаңы өкмөттүн курамын түзүүгө тийиш. Соңку мезгилде Египеттин өкмөтү жаңылана тургандыгы жөнүндө сөз болуп келген. Бирок серепчилер жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен өлкөдө радикалдуу өзгөрүүлөр орун албайт деген пикирлерин айтышууда. Ал эми 1981-жылы бийликке келген 76 жаштагы өлкө башчысы Мубарактын президенттик мөөнөтү кийинки жылдын октябрь айында аяктайт.

XS
SM
MD
LG