Филиппиндик жаранды барымтага алгандар кечээ Катардын “Ал-Жазира” телеканалы аркылуу жаңы кайрылуу жасашты. Анда согушкерлер Манила өкмөтү 20-июлга дейре өз аскерлерин Ирактан алып кетпесе, филиппиндик Анхело де ла Круз аттуу айдоочунун көзүн тазалайбыз деген ультиматум коюшту.
“Филиппин өкмөтүнө аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндөгү ниетин далилдеш үчүн 24 саат берилет”, - деп эскертишти барымтачылар.
Телеканал 46 жаштагы де ла Крузду да көрсөттү. Ал филиппиндиктерге кайрылып Иракка келбөөгө чакырды:
- Саудиялык компаниядагы кесиптештериме, Иракка сапар алууга камданып жаткан филиппиндиктерге бул жакка келбөөгө кеңеш берем. Өз мисалыман билем, Ирак полициясы сиздерди коргоп кала албайт. Президент Арройодон аскерлерди Ирактан чыгарып кетүүнү өтүнөм.
Телекөрсөтүүнүн алдында эле Филиппиндин президенти Глория Арройо де ла Круздун жакындарына анын бошотулушу жөнүндө кабарлаган эле. Өлкөнүн Багдаддагы элчилигинин бир кызматкери ырастагандай, айдоочунун коё берилиши тууралуу маалымат тастыкталган жок. “Аны шаардын бир жеринде тосуп алмакпыз. Бирок барсак, де ла Круз жок экен. Ким билет ушундай жагдайда, үмүт үзбөш керек”, дейт филиппиндик дипломат.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Делиа Доминго Алберт Манила 20-августта 51 жоокерден турган контингентин чыгарып кетүүнү пландап жатканын билдирди. Ал күнү филиппиндик аскерий миссиянын бир жылдык мандаты соңуна чыгат.
Болгар айдоочуларынын тагдыры да белгисиз бойдон кала берүүдө. Барымтачылар берген мөөнөт өтүп кетсе да ырамий София Ивайло Кепов менен Георгий Лазов тирүү деген үмүттө.
Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, барымтадагылар тирүү экени жөнүндө тастыкталбаган кабар бар.
Жума күнү согушкерлер АКШ жетектеген коалиция тарабынан туткундалган ирактыктар бошотулбаса, болгарларды өлтүрөбүз деген талабын коюшкан. Ошол эле күнү Соломон Пасси бул талаптын үчүнчү өлкөгө, АКШга тиешеси бар деген:
- Болгария арабдар менен достук мамиледе. Болгария Ирак элинин досу. Биз Иракта өлкөнү калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн, Ирак элинин келечеги үчүн жүрөбүз.
АКШ президенти Жорж Буш болсо Болгариянын мамлекет башчысы Георгий Парванов менен телефон аркылуу байланышып, Иракка аскер жибергендиги үчүн ырааазчылыгын билдирип, барымта кризисинде Вашингтон колунан келген көмөгүн аябайт деп ишендирди.