Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ 90 МАСЕЛЕНИ ТАЛКУУЛАДЫ


Парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны 20-сессиясында 90 жакын маселени карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алды. Аны палатанын төрагасы Алтай Бөрүбаев 12-июлда өткөн маалымат жыйынында кабарлады. Эл өкүлдөрү өкмөттүн өткөн жылкы ишин жактырып, Улуттук банктын отчетун талкуулоону күзгө калтырды. Депутаттар Борбордук банктын дарегине бир катар олуттуу сын пикирлерди айтты.

Төраганын айтымында, өткөн жылы инфляция 5,6% ары көтөрүлгөн жок. Анткен менен, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдай оор бойдон калууда. Өлкөнүн тышкы карызы 77 миллиард сомго жакын акчаны түздү. Өкмөт өнөр жай, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурбайт. Депутаттар быйылкы жылдын республикалык бюджети тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизишти. Анын себеп-жөнүн Алтай Бөрүбаев момундайча түшүндүрдү:

- Быйылкы жылы табигый кырсыктар көп болду. Ошондуктан бюджеттин чыгаша жагы көп болуп атат. Жаңы министрликтер ачылды. Мына, экономикалык кызматташтык, интеграция боюнча министрлик түзүлдү. Ведомстуктар ачылууда. Мунун баары акчаны талап кылат экен. Бюджеттин чыгаша жагы 718 миллион сомго көбөйдү. Киреше бөлүгү да 473 миллион сомго көбөйдү. Мурда биз бюджетти таңкыстыгы менен кабыл алчубуз. Бюджет таңкыстыгы дагы көбөйдү. Ал 822,2 миллион сомду түзүп атат. Бул таңкыстыкты жаба турган булактар табылды.

Эл өкүлдөрү күч министрлик жетекчилеринин отчетун угушту, деп билдирди Алтай Бөрүбаев. Антишке соңку кездери кылмыштуулуктун күчөп, эларалык жанкечтиликтин бөлүп-жаруучулук аракетинин арбып баратышы себеп болууда.

- Террордук актылардын көбөйүп кеткени баарыңыздарга белгилүү, - деп айтты Алтай Бөрүбаев. – Кийинки эле 4-5 айда 10 ашуун кызмат адамдары курман болушту. Чоң-чоң жардыруулар болуп атат.

Эл өкүлдөр жыйынында чоң талаш-тартышты чакырган маселе Улуттук банктын өткөн жылкы ишин баяндаган отчету болду. А.Бөрүбаев Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов ишиндеги мүчүлүштүгүн өкмөткө оодара салуу аракетин жасады, деп белгиледи.

- Кемчиликтери көп. Кээ бир мыйзамдардын беренелери бузулган. Улуттук банк акча-кредит саясатын өз деңгээлинде жүргүзө албай жатат. Аны сиздер деле жакшы билесиздер. Коммерциялык банктардын банкрот болушуна да Улуттук банктын күнөөсү бар. Азыр Улуттук банк өзүнүн күнөөсүн өкмөткө оодара салгысы келип атат. Айланып отуруп аягында көптөгөн талаш-тартыштардан кийин Улуттук банк күзгө - октябрь айына чейин айтылган кемчиликтерди жойсун жана кайрадан өзүнүн отчету менен чыксын, анан тиешелүү бааны ошондо коелу деп чечтик.

Улуттук банк төрагасы парламенттик талкууга чейин аткарылган иштер тууралуу айтпай кое турууну эп көргөнүн «Азаттык» үналгысы үчүн куруп берген маегинде атайын белгилеген.

- Улуттук банктын жылдык отчету парламентте талкууланганы турат. Мен талкууга чейин отчетто камтылгандарды ачыкка чыгарууну туура көрбөйм. Кандай иштеп атканыбызды сурабай, депутаттар эмне ойлогонун билгиңиз келет да, чынбы? Алардын айтканын угуп көрүңүз. Ошондон кийин гана мен макул болорумду же болбосумду айтам.

Шайлоо мөөнөтү жакындаган сайын саясий иш-аракеттер арбып баратканына токтолгон Алтай Бөрүбаев кезектеги элдик сыноого чыгар-чыкпашын күзүндө ачык айтарын билдирди:

- Шайлоого катышуу жөнүндө. Азыр убакыт бар. Бул боюнча чечимди мен күзүндө, өзүбүздүн соңку сессиябызды өткөрүп туруп кабыл алам. Шайлоого барууга менин бардык мүмкүнчүлүктөрүм бар.

XS
SM
MD
LG