Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

ТҮРКИЯНЫН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА САЯСАТЫ КАНДАЙ?


Аким Өзгөн, Стамбул Түркия тышкы саясатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен мамилени чыңдоо ишине кыйла артыкчылык берип келатат. Ушул күндөрү ырасмий Стамбул Сирия менен Израилден келген айрым өкмөттүк ишмерлерди конок кылып жатат.

Сириянын премьер-министри Нажи Ал Отари жана Израилдин вице-премьери Ехуд Олмерт ырасмий сапар менен Түркияга саякатка келди. Аларды утурлап Ирандын ички иштер министринин жардамчысы жетектеген бир делегация да Анкарага келген эле. 3 өлкөнүн өкмөттүк кызматчыларынын Түркияга бир эле учурда келиши алдын ала пландалбаган болсо дагы байкоочулардын айтымында, бул - Түркиянын Жакынкы Чыгыш аймагындагы бардык өлкөлөр менен тең салмактуу алака - катнаш түзүү максатын күткөн саясатынын белгиси болуп эсептелет.

Сириянын премьер-министри Нажи Ал Отари менен Ирандык делегациянын саякаттары кийинки мезгилдин ичинде Түркиянын бул эки өлкө менен ылдам өнүгүп бараткан байланыштарын андан ары жакшыртуу жана аймакта туруктуулукту калыбына келтирүү ишинде өз-ара кызматташтыкты бекемдөө максатын күтөт.

Сирия өкмөт башчысынын Анкара жана Сатамбулда 3 күнгө созула турган иш сапарынын күн тартибинде дээрлик экономикалык байланыштарга тийешелүү маселелер бар. Январь айында Сириянын президенти Башир Ал Асаддын Түркияга тарыхый сапар менен саякатка келүүсүнөн улам чукул өрүш алып, ошондон бери ырааттуу өнүгүп келаткан Түркия-Сирия мамилелери, бул эки өлкөнүн Ирактын келечеги жана күрттөрдүн маселесине карата көз-караштары окшошуп калуусунан улам, аймактык кызматташтык мүнөзүн алып, бул алкакка кийинки аралыкта Иран дагы кошула баштагандыгы байкалат.

Сириялык өкмөт башчы Ал Отари экономикалык маселелер менен бир катарда Ирактагы жагдай, ПКК-КАДЕК уюму жана Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу маселелерди талкууга алат. Ал Анкарада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган, президент Ахмет Неждет Сезер жана тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен жолугушат.

Ал эми Израилдин вице-премьери Ехуд Олмерттин саякатынын күн тартибинде да экономикалык карым-катнаштар салмактуу орунду ээлеген менен, анын бул саякаты Түркия менен Израилдин мамилелери солгун тартып бараткан бир учурда ишке ашууда.

Ошондой болсо дагы Түрк-Израил Курама Экономикалык Комиссиянын (КЕК) кезектеги жыйынына катыша турган Олмерттин саякаты саясий жааттан өзгөчө мааниге жана салмака ээ. Израилдик өкмөттүн Газа тилкесиндеги Паластиналыктарга карата жасаган аскердик операцияларын Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган “мамлекеттик террор” деп кескин сынга алган. Ошондон улам эки өлкөнүн ортосунда мамиле сууп, Израиль өкмөтүнүн ветеран мүчөлөрүнөн Ехуд Олмерттин Түркияга саякатка келишинин өзү маанилүү бир чоң окуя.

Негизинде, жетекчилер арасындагы риториканы эсепке албаганда, эки өлкөнүн ортосундагы салттуу мамилелер кадиресе нугунда улашып жатат. Олмерттин Анкарада тышкы иштер министри Абдулла Гүл тарабынан кабыл алынышы да мунун белгиси.

Бирок премьер-министр Ердогандын Олмертти кабыл албай коюшу Анкаранын эч кур дегенде саясий деңгээлде “дистанция” кармоону уланта турганынан кабар берип олтурат. Дүйшөмбү күнү кечинде Анкарага келген Олмерт Израилдин премьери Ариел Шарондун атайын катын алып келдим деп, Эрдоган менен жолугушуу талабын кайталаган эле. Бирок Түркиянын өкмөт башчысы менен ал жолуга албады.

Мындайча айтканда, Түркиянын учурда Израиль менен саясий жактан мамилелери суук, а экономикалык жана башкача тармактардагы алака-катнашы кыйла дурус деп айтууга болот. Муну Олмерт жетектеген делегациянын курамынан да даана көрүүгө болот.

Вице-премьер Ехуд Олмерттин өзү Израилдин соода жана өнөр жай министри. Ал башчылык кылган делегацияда Израилдин телекоммуникация өнөр-жайынын өкүлдөрү жана жеке фирмалардын өкүлдөрү бар.

XS
SM
MD
LG