Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

КЫРГЫЗ-КАЗАК ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КОМИССИЯ БИР ПИКИРГЕ КЕЛДИБИ?


12-июлда кечки саат ондон өткөндө кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын төртүнчү отуруму протоколго кол коюу менен аяктады. Анда эки тарап бир катар курч маселелерди чечүүнүн жолдорун аныкташкан.

12-июлда өткөн өкмөттөр аралык комиссия жыйынында кыргыз тарап кызматташуунун абалы боюнча бир нааразылыктарды билдирген эле. Маселен, кыргыз делегациясынын башчысы Базарбай Мамбетов казак тарап мурда сүйлөшүлгөндөй деңгээлде электр энергиясын сатып албай жатат деп айткан эле:

- Чардара суу сактагычын сактоо зарылдыгы келип чыкканда экономикалык зыянга карабай Токтогул суу сактагычынан суунун көлөмүн секундасына 150 кубометрге азайтканбыз. Чардараны сактап калдык. Ал эми жайдын келиши менен Казакстан белгилегенген өлчөмдө электр энергиясын сатып албай койду. Ага карабай жай айларынын ичинде 4 миллиард кубометр суу алабыз деп турасыңар.

Андан сырткары кызматташуунун дээрлик бардык тармагындагы абал боюнча кыргыз тарап өз таарынычын билдирген эмес.

Сүйлөшүүдөгү кыргыз делегациясынын мүчөсү Татьяна Рецтин 13-июлдагы билдирүүсүнө караганда, тараптар жыйындын күн тартибиндеги мына ушундай курч маселелердин дээрлик баары боюнча орток пикир табышты. Маселен, казак тарап жакынкы айларда Кыргызстандан 1 миллиард 100 миллион киловатт/саат электр энергиясын сатып алат, темир жол тарифин төмөндөтүүнү чечет, ал эми эмгек мигранттарынын маселеси боюнча эки тарап иштеп, үч айдын ичинде келишимге жетишүүгө аракеттенет.

Ошондой эле, Казакстан өз аймагында Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча дүң базарларды ачууну, күйүүчү майды экспорттоого киргизилген чектөөнү Кыргызстанга жайылтпоону да караштырмакчы. Булардын баары өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган протоколго жазылды, деп белгиледи Татьяна Рец. Анын айтымында, эки тарап кышка даярдык маселесин, тактап айтканда, электр энергиясынын акысынын ордуна Казакстандан көмүрүн алуу боюнча пикир алмашкан.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин Казакстан боюнча адиси Радмил Кадыровдун комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча пикири мындай болду:

- Мен бардык маселелер боюнча деп айта албаймын, бирок көпчүлүк маселелер боюнча эки тараптын кызыкчылыгына туура келген чечимдер кабыл алынды.

Экономика, өнөр жай жана тышкы соода министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүп жатат. Маселен, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында эки тараптуу сооданын көлөмү өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 49% өсүп, 77 миллион доллардан ашуун сумманы түзгөн.

Ал эми эки мамлекеттин ортосундагы курч маселелердин чыгышына коңшу мамлекеттер менен буга чейин тыгыз иш жүргүзүлбөшү себепкер деп эсептейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов:

- Батыш жана алыскы чет мамлекеттер менен мамилебиз көбүрөөк өнүгүп, жогору деңгээлде болуп, ал эми коңшу мамлекеттерге келгенде тескерисинче, төмөнүрөөк болуп калган. Ошондуктан коңшу мамлекеттер менен достук мамиледе өнүгөбүз десек, анда алар менен мамилени жакшыртуу багытында ишти улантуубуз керек.

Анын айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстан бул багытта бир катар аракеттерди жасоодо.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG