Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:52

БАГДАДДА БОМБА ЖАРЫЛДЫ, ФИЛИППИН АСКЕРЛЕРИ КЕТЕ БАШТАДЫ


Ирактын полициясы шаршембиде Багдаддын борбордук бөлүгүндөгү бомба жардыруусунан кеминде 10 киши набыт болуп, дагы 40ка чукул адам жараат алганын билдирди. Ага удаа Филиппин өкмөтү - Иракта уурдалып кеткен жаранын бошотуу максатында согушкерлердин талабына баш ийип, Ирактагы аскерлерин чыгарып кете баштады.

Шаршембиде жеңил машинеге катылган бомба жарылуусу Багдаддын борбордук бөлүгүн дүрбөлөңгө салды. Окуя – чет мамлекеттердин элчиликтери, АКШнын аскердик мекемелери, Ирактын утурумдук өкмөтүнүн иш кеңселери жайгашкан "жашыл зонага" кире бериште орун алды. Алгачкы маалыматтарга караганда, ал жерде адаттагыдай эле америкалык командачылык күн сайын өткөрүп турчу маалымат жыйынына бараткан чет элдик кабарчылар, башка өкүлдөр жана ар кандай иштер менен "өкмөттүк зонага" кирүү максатында текшерүү пунктунда кезекте турган адамдар топтолгон болчу. Машиненин күлүн асманга сапырган күчтүү бомба жардыруусуна удаа айлана-тегеректе мылтыктардан эскертүү октору атылып, асманга Американын кайгуул учактары көтөрүлдү. Көп узабай окуя болгон жерге барган Ирактын премьер-министри Ияд Аллави буларды айтты.

- Бул – Ирак элине каршы жасалган кезектеги кылмыштуу чабуул.

"Азаттыктын" Багдаддагы кабарчысы Валентинас Мите кеминде 10 кишинин өмүрүн алган жардырууну иликтеш үчүн полиция жана коалициялык күчтөр ал жерди тегерете курчап бекитип салганын, бүгүн Иракта 1958-жылкы төңкөрүлүштүн жылдыгы белгиленчү майрам күнү экенин кабарлады.

- Бүгүн Иракта ал майрамга байланыштуу дем алыш күнү болчу, бирок жардыруудан улам Багдаддын борборунда ызы-чуу менен кымгууттук өкүм сүрүүдө. Эртең менен ал жерде мурда болуп көрбөгөндөй сандагы америкалык аскерлер жүрдү.


Бул күнкү жардырууну өз көзү менен көргөн күбөлөрдүн бири, Ирактын Улуттук гвардиясынын жоокери Карар "Азаттыктын" кабарчысына буларды айтып берген.

- Бомба катылган жеңил машине чукул келип калганда, Улуттук гвардиянын үч жоокери аны токтотууга аракет кылышты. Бирок айдоочу аларга көңүл бурбай, машине өкмөттүк зонага кире бериштеги 2-дарбазага жакындап барып жарылды, анын ичиндеги жардыргычтар өтө көп болсо керек, айлана-тегерек далайга дейре чаң-түтүнгө чулганды.

Дагы бир күбө Ирактын улуттук гвардиясында кызмат өтөгөн 24 жаштагы таанышы эртең мененки жардыруудан каза тапканын кошумчалайт. Алгачкы маалыматтар боюнча, жарадар болгондор арасында америкалык жана башка чет элдик аскерлер бар.

Бул күнкү окуя – Ирактагы коопсуздукка байланыштуу тынчсызданууларды күчөттү. Бир жараны барымтага алынган Болгария шаршембиде Кербала шаарындагы 500дөй аскерин алып кетпей турганын, алар эл аралык милдетин аягына дейре аткараарын билдирди. Ага удаа бирок, Филиппиндин тышкы иштер министри Деля Алберт анын өлкөсү Ирактагы аскерлерин чыгарып кете баштаганын жарыялады. Анын алдында эле бир филиппиндикти барымтага алган исламчыл согушкерлер Филиппин аскерлери Ирактан чыгарылбаса, туткундун көзүн тазалайбыз деп эскертишкен. Ошентсе да, АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ричард Баучер Филиппин өкмөтүн мыйзамсыз согушкерлердин талабына баш ийбөөгө үндөп, өз чечимин кайра карап чыгуууга үгүттөдү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG