Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

СУЛЕК ЭСТЕЛИГИНДЕГИ КЫРГЫЗ ЖООКЕРЛЕРИ


Хакасиянын Сулек аска ташында орто кылымдагы кыргыз жоокерлеринин сүрөттөрү тартылган панорама жайгашкан. Байыркы сүрөтчү кыргыз аскерлерин кылдат чеберчилик менен аска ташка чегип, алардын кыймыл аракети, жоокерчилик ыкмасы жана жоо кийимдери туурасында маалымат алгыдай дарек калтырган.

Хакассиянын Сулек аска ташында орто кылымдагы кыргыз жоокерлеринин сүрөттөрү тартылган панорама жайгашкан. Байыркы сүрөтчү кыргыз аскерлерин кылдат чеберчилик менен аска ташка чегип, алардын кыймыл аракети, жоокерчилик ыкмасы жана жоо кийимдери туурасында маалымат алгыдай дарек калтырган.

Сулек сүрөт панорамасын кыргыздар жаратып, сүрөттөрдү кыргыз чебери тарткандыгы илимде аныкталгандыгы эбак. Эстеликте жоокерлердин сүрөттөрүнөн бөлөк Кыргыз каганатынын мамлекеттик жана аскердик символдоруна байланышкан бай маалымат камтылган. Сулек эстелигиндеги сүрөттө атчан кыргыз жоокери найза сунуп баратканы чагылдырылат. Найзанын башы үч бурч ромб түрүндө таартылып, ага учкай кош ача желек тагылган. Желек найзага вертикалдуу бекитилип, мындай турпаттагы желек Чыгыш Азиялык маданияттар үчүн мүнөздүү көрүнүш экендиги белгилүү. Желек тагылган найзаны жоокер кош колдой бетке кармап, анын образы бир ары душманды качыргандай түр берсе, башка жагынан, колдун алдына чыгып желекти булгалай менин аркаман чапкыла дегендей жоромол жасоого негиз берет. Жоокер башына туулга кийип, денеси чопкутка бөлөнгөн. Анын көкүрөгүнө тегерек темир тагылгандыгын сүрөттөн ачык баамдаса болот. Жоокердин денесиндеги темир зоот чекиттер белгисинде тартылса, ал эми анын көкүрөгүндөгү тегерекчеде чекиттердин арасы ачык экендиги байкалат. Эстеликтеги биринчи атчанды бери эле дегенде миң башчыдан төмөн эмес адам деп жоромол жасооого негиз бар. Ал белине кемер курчанып, ага кылыч, канжар кыстарганы сүрөттөн ачык байкалат. Кыргыздын баатыр уулу асыл тукум аргымакка минип, кызыгы аргымактын тартылыш ыкмасы, боруму кудум эле “Семетей” дастанындагы Семетейдин Үргөнчтү кечүү алдындагы сүрөттү элестетет. Аргымакка санжыргалуу ээр, токуму менен салынып, аны келишкен куюшкан, көмөлдүрүк кооздоп, күлүктүн санына кыргыз мамлекетинин тамгасы түшүрүлгөн.

Сулек эстелигинин экинчи сүрөтүндө чымкый зоот кийген кыргыз жоокери ат үстүндө бир колу менен жүгөн тартып, экинчи колунда найзаны ээрге алгандай коомай кармаган образы тартылган. Найзанын уч жагында этек жагы ромбик формасында кесилген эки желекче тагылган.

Сулек эстелигиндеги эки сүрөттүн көлөмү жана формасы жагынан алардын маани, мазмунунда, колдонуу талабына айырмачылык бар экендигин байкаса болот. Биринчи желектин экинчиге салыштырмалуу көлөмдүүлүгүнө караганда, ал балким, мамлекттик маанидеги, жок эле дегенде кол башчынын белги туусу болушу мүмкүн. Ал эми экинчи сүрөттөгү желекчелер болсо, бир эле кезде аскер катарын билдирген жана тизилүү, каптоо сыяктуу согуш аракеттерин туюнта турган шартуу белгилер болушу толук ыктымал.

Сулек эстелигиндеги үчүнчү сүрөт берки эки каарманга караганда кыйла жупуну тартылган. Атчан жоокердин башын туулга эмес, кыязы тебетейге окшогон баш кийим кийгизилген. Ал адам колуна кармаган курал-жарагы жок салт атчандарды элестетет. Анткен менен анын денесине кийгизилген арасы ачык зоотко жана аргымактын моюн жагын коргогон зоотко караганда ал жок эле дегенде маанилүү буйруктарда ташыган чабарман болушу мүмкүн деп бүтүм жасоого негиз бар.

Анда эмесе Сулек эстелиги боюнча археолог Кубатбек Табалдиевдин пикирин угуп көрөлү:

- Булар көлөмдүү сүрөттөр. Анда орто кылымдагы Түштүк Сибирде жашаган кыргыздардын сөлөкөтү түшүрүлгөн деп эсептелинет. Бул эстеликтин өзгөчөлүгү ошол сүрөттө берилген реалдуу белгилери археологиялык табылгалар менен тастакталып так ошол Енисей кыргыздарына мүөздүү деп белгиленгендигинде. Ушул жагынан алганда мунун мааниси абдан чоң, - деп эсептейт археолог Кубатбек Табалдиев сулек сүрөт понарамасы боюнча.
XS
SM
MD
LG