Карзай шаршембиде кол койгон жардыгы жер-жерлерде өз армиясын кармаган кор башыларга карата борбордук өкмөттүн ушу кезге чейинки эң катаал өкүмү болуп калды. Өткөн аптада Карзай эл аралык коомчулук колдогон куралсыздандыруу жана аскер бөлүктөрүн улуттук армияга киргизүү жараянына бут тоскон кол башчыларды теске салууга убада кылган эле. Карзайдын маалымат катчысы Жавид Лудин биздин радиого жардыктын максаты куралсыздандыруу жараяны боюнча кол башчылардын толук кызматташуусуна жетишүү экендигин билдирди:
- Бул жардык куралсыздандыруу программасына кастарын тиккендерге жана кызматташуудан качкандарга багытталып, Ооганстандын юстиция системасында акыйкаттыкка көбүрөөк жол ачууну максат кылат. Кызматташпагандар же куралсыздандырууга каршы активдүү каршылык көрсөткөндөр жоопко тартылат. Максат ушунда.
Ушул аптанын башында Нью-Йоркт Таймс гезитине берген интервьюсунда Хамид Карзай Ооганстанда кулатылган талиб режиминин колдоочуларына караганда, борбордук өкмөткө баш ийбеген куралдуу топтор көбүрөөк коркунуч келтирип жатат деген эле. Ал эми өткөн аптада кол башчылардын шайлоочуларды коркутуп-үркүтүүсү токтобой жаткандыктан, парламенттик шайлоо келерки жазга калтырылганы жарыяланды.
Айрым аскер топтору, анын ичинде коргонуу министри Мохаммад Касым Фахимдин Жамият-и-Ислами саясий уюшмасынын куралдуу бөлүгү Ооганстанда расмий таанылып, коргонуу министрлигинин курамына киргизилген. Бирок президенттин жардыгы менен Кабул өкмөтүнө баш ийбеген кол башчылар мындай расмий макамынан кол жууп калышмакчы.
Бириккен Улуттар каржылаган куралсыздандыруу программасы өткөн октябрда жолго коюлган, бирок көптөгөн кол башчылар куралын тапшыруудан баш тарткандыктан, ал илең-салаң ишке ашырылууда.
Викрам Парек - Эл аралык аналитикалык Кризистик топтун Кабулдагы эксперти. Карзайдын жардыгынын мааниси тууралуу ал Азаттыкка буларды билдирди:
- Бул жардык - куралсыздандыруу процессинин табигый натыйжасы. Ал процесс куралдуу топторду таркатууну максат кылат. Бирок расмий макамдан ажыратып салуу менен эле, алардын жок болуп кетишин кепилдөөгө болбойт, муну жардыктын автору да моюнга алат. Бул жардык аскерлерин таркатпаган жана мамлекет тарабынан мурда таанылбаган кол башчыларын сот жообуна тартууга мүмкүндүк ачат.
Паректин айтымында, Карзайдын администрациясынын алдында эми катаал чараларды ишке ашыруу милдети турат:
- Ооганстандын юстиция жана мыйзамдуулукту коргоо органдарынын мыйзамды көзгө илбей, аскер кармаган кол башчыларды камакка алып, сот жообуна тартууга даремети жетеби? Бул чоң суроо.
Ооганстанда улуттук армияга кирбеген 100 миң чакты куралчан бар. Президент Карзай 9-октябрга белгиленген президенттик шайлоого чейин алардын 60 миңин куралсыздандырууга сөз берген, бүгүнгө карата10 миң чакты куралчандын куралы чогултулду.