Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

ИРАН: КАНАДАЛЫК ЖУРНАЛИСТТИН СОТУ АДИЛЕТ БОЛОБУ?


Ишемби күнү Тегеранда Канаданын атуулу, теги ирандык журналист Зехра Каземинин өлүмүнө байланыштуу сот процесси улантылат. Айыпталуучу, Ирандын чалгын министрлигинин агенти Мохаммед Реза Ахмади өткөн октябрда болгон соттун алгачкы сессиясында акталып чыккан. Укук коргоочулар бул ишке байланышы бар расмий адамдардын аты белгисиз бойдон калып калат деп камтама болушууда.

Зехра Каземи мындан 1 жыл мурун, былтыркы июлдун 11инде, Ирандын абактарынын биринде уруп сабоолордун натыйжасында мээсине кан куюлуп жан берген.
Коопсуздук жана чалгын министрлигинин тергөөчүсү Мохаммад Реза Ахмадиге “атайлап эмес киши өлтүрүүгө катышкан” деген айып тагылууда.

Каземи саясий диссиденттер кармалчу Эвин түрмөсүнүн маңдайында абактагылардын жакындарын сүрөткө тартып жаткан жеринен кармалган.

Бул окуя эл аралык резонансты жаратып, Канада менен Иран ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизди. Шаршембиде Канада Тегерандагы элчисин чакыртып алды. Муну менен расмий Оттава канадалык байкоочуларды сотко катышытырбоо жөнүндөгү Тегерандын чечимине жооп берди.
Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри тергөө адилет болот деп ишендирген. Ошол эле мезгилде ал Каземинин иши Иранга гана тиешелүү, андыктан чет өлкөлүк байкоочулардын катышуусу эл аралык нормарларга карама-каршы келет деп кошумчалады.

Журналисттин өлүмү консерваторлор үстөмдүк кылган жумурияттын сот системасы менен демократтар көпчүлүктү түзгөн Коопсуздук министрлиги ортосундагы тирешүүнүн да күчөттү.
Эки мекеме Каземинин өлүмү үчүн бири бирин жооптүү деп эсептейт.

Зехра Каземи Тегерандын баш прокурору Саид Мортазевинин түзмө-түз көрсөтмөсү менен кармалып, суракка алынганын белгилей кетели.
Ирандын реформачылары менен эскичил катаң турумдагы саясатчылары ортосундагы дээрлик төрт жылдан бери уланып келаткан саясий күрөштө дал ошол Мортазеви баш ролду ойноп келген. Өлкөдө бир нече прогрессивдүү гезит жабылып, либералдуу журналисттер менен активисттер абактарга отургузулган.

Каземи үй-бүлөөсүнүн адвокаты Мохаммад Али Дадках прокурордун бул ишке тиешеси бар экендигин далилдеген фактылар жөнүндө айтат:

- Кагаздарда айдан ачык жазылып турат. Мортазеви Каземини эртең менен суракка алган, - деген адвокат соттун компетентүүлүгүнө ишенбей турганын да белгилейт:

- Биз сотко ишеним көрсөтпөйбүз. Бул ишти 5 судьядан турган аймактык сот кароого тйииш.

“Чегарасыз кабарчылар” уюмунун Канадагы басма сөз өкүлү Эмили Жакар дагы соттун адилет болшунан күнөм санайт:

- Журналистти өлтүрүүгө тиешеси бар жогорку кызматкер жазаланбайт деп шектенип турабыз. Анын ордуна “майда чабактар” айыптуу деп табылат да, ошону менен Зехра Каземинин ишине чекит коюлат.

XS
SM
MD
LG