Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

ПХЕНЬЯН ҮЧҮН БААРЫДАН КОММУНИСТТИК БИЙЛИК КЫМБАТ


Түндүк Корея эгерде ири экономикалык жардам көрсөтүлүп, коопсуздугу бекем сакталарына кепилдик берилсе, өзөктүк куралдар программасынан биротоло баш тартышы мүмкүнбү? Пхеньян проблемасы боюнча соңку сүйлөшүүлөргө катышкан америкалык дипломат андай болорун азырынча эч ким айта албайт деген пикирде.

Пхеньян проблемасы боюнча сүйлөшүүлөргө такай катышып келаткан АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келли азырынча Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын токтоторунан эч кандай шыбыш жок деп эсептейт. Бейшембиде Сенатта маалымат берген Келли Пхеньян өзөктүк программасы аскердик эмес, турмуштук максаттарды көздөрүн кайталап келатканын белгиледи.

- Мен дал ушул тапта Корей Элдик Демократиялык республикасы өзөктүк куралдар программасынан баш тартып, бакубат жашоого бет алып, соода, экономика жагынан жардам алуу жагына өтүүгө даяр деп айта албайм.


Келли жакында Бэйжинде өткөн Түндүк Корея маселеси боюнча алты тараптуу сүйлөшүүгө катышкан. Сенаттагы угуу маалында ал Бэйжин жолугушуусунун айрым жагдайларына токтоло кетти. АКШ, Орусия, Жапония, Кытай жана эки Корей республикаларынын өкүлдөрү катышкан ал жолугушууда, америкалык дипломаттын айтымында, Пхеньян өзөктүк куралдар программасын айрым бир шарттар алдында биротоло токтотпой, тоңдуруп коюуга макул экенин кыйыткан. Тактап айтканда, ал үчүн Түндүк Корея олуттуу энергетикалык жардам жана АКШ эч убакта бул өлкөдөгү коммунисттик бийликти кулатууга аракет жасалбайт деп убада кылышын талап кылган. Ушундай катаал талаптар коюлса да, Вашингтон Түндүк Корея кризиси сүйлөшүүлөр жолу менен чечилеринен үмүт үзбөйт.

- Мен Түндүк Кореянын өзөктүк коркунучун дипломатиялык жол аркылуу жайгаштырууга болот деп ишенем жана алдагыдай алты тараптуу сүйлөшүү – анын эң ыңгайлуу ыкмасы. Биздин максат – Корей жарым аралын өзөктүк курал проблемасынан биротоло арылтуу, бул маселени биз жарым-жартылай чечип, калганын келечек муундарга калтыра албайбыз, - деп басым жасады Мамлекеттик катчынын жардамчысы.


Жеймс Келли бирок, Түндүк Корея эл аралык коомчулукту тынчсыздандырган кооптуу программасын токтоткон күндө да, Кошмо Штаттар бул өлкө менен толук кандуу мамилелер орнотпойт деп эскертти. Ал үчүн Пхеньян адам укуктарын сактаганга үйрөнүп, тымызын курал-жарак жана баңгизаттар соодасына тыюу салышы керек.

Ошентип, Вашингтондун расмий өкүлү азырынча Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга электигин ырастады. Маалымат агенттиктери соңку 10 жыл ичинде Түндүк корея калкы тамак-аш жетишсиздигинен катуу жабыркап, элдин саны 10%га кыскарганын жазып жатышат. Өнүккөн мамлекеттер экономикалык жактан каржалган мамлекетке жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтышат, азырынча ага – Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасын калкалап-жашырган өжөр саясаты башкы кедерги.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG