Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КОНСУЛДУК КЫЗМАТ БАШКАРМАЛЫКТАРЫНЫН КЫЗМАТТАШУУСУ КЫЗЫЙБЫ?


12-июлда Чолпонатада өткөн Кыргыз Кытай консулдук кызмат башкармалктарынын 1-кеңешмесинин жыйынтыгы тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинде маалымат жыйыны өткөрүлдү. Кеңешмеде 8 маселе талкууга коюлуп, эки тараптын сунуштары менен толукталып, токтом кабыл алынган.

Эки өлкөнүн консулдук кызмат башкармалыктары биринчи жолу кеңешме өткөрүшсө, Казахстан менен кытайдын консулдук башкармалыктары буга чейин 9 жолу биргелешип кеңешме өткөрүп, бир катар соода-экономикалык, социалдык маселелерди чечкен. Ал эми кыргыз-кытай консулдук кызмат башкармалыктарынын 1-кеңешмесинде 8 маселе каралып, эки тарап келишимдерди ишке ашыруу максатында токтом кабыл алды.
Кеңешмеде каралган маселелер тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматтын жетекчиси Руслан Казакбаев буларга токтолду.

- Кыргыз элчилигинин тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн бул кеңешмеде,эки өлкө ортосундагы мурда түзүлгөн айрым келишимдердин начар иштеп жатканы, бир-бирибиз менен маалымат алмашуу начар жүргүзүлгөнү тууралуу сын-пикирлер айтылды.Ошондой эле биздин атуулдардын укугун Кытайда,Кытай атуулдарынын укугун Кыргызстанда коргоо маселеси көтөрүлдү. Ал эми Кытай атуулдарын Бишкек-Торугарт жолунда атып өлтүрүлгөн фактыны жана кытайлык консулдун Бишкекете өлтүрүлгөн кылмыштын бетин ачуу иш чарасын тездетүүнү кытайлык кесиптештер расмий түрдө кайрылышты.

Руслан Казакбаевдин айтымында, Кыргызстандык бир атуул Кытай эл Республикасында оор кылмыш кылып, өлүм жазасына тартылган. Дагы бир Кыргызстандын атуулу Кытайда баңгизаты менен аткезчилик кылып кармалып, өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Ошондой эле Кытай жергесинде кылмыш кылган деген шек менен кыргызстандын 9 атуулуна кылмыш иши козголгон.

- Консулдук кызмат башкармалыктарынын кеңешмесинде өлүм жазасына тартылган Кыргызстандын атуулуна чыгарылган өкүмүн, өзгөртүү тууралуу сунушубузду айтып, башка кылмыш жазасына тартылгандарды Кыргызстандын аймагында жаза мөөнөтүн өтөө жана карыз барымтасында отургандардын иштерин иликтеп, аларды бошотууга макулдаштык, дейт Руслан Казакбаев.

Ал ошондой эле Шиңжан автоном облусунда карыз барымтасында кармалып жаткан Кыргызстандык эки атуулдун бошотулганын билдирди.

- Кытайдын тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча Шинжан Уйгур автоном облусунда Кыргызстандык 5 атуул бар. Ал эми эки адам Кытайдын сотуна кайрылышып, күнөөлөрү жок экени далилденип мекенине кайтып келишти.Калган 5 адам да расмий түрдө Кытайдын сотуна кайрылышса, кытай тарап жардам беребиз деген пикирлерин билдиришти.Биздин эки жыл мурдакы маалыматтар боюнча карыз барымтасында кармалып жаткан 15-20 кыргыз атуулу бар.

Ал ошондой эле Кыргызстандын аймагында кылмыш кылып кармалган Кытайлык атуулдар тууралуу да билдирди . Анын маалыматына караганда өткөн жылы Кытайлык 34 атуул Кыргызстандын аймагында кылмыш кылып кармалышса, үстүбүздөгү жылы алардын саны 11 ге жеткен.

Консулдук кызмат башкармалыктарынын 1-кеңешмесинде Кытай эл Республикасында жашаган кыргыздардын Кыргызстандын атуулдугун алуу маселеси да каралган.

- Акыркы мезгилде Кытайдагы жашап жаткан кыргыздар, Кыргызстандын атуулдугун алуу боюнча кыйынчылыктар бар деп, бизге бир нече ирет кайрылышкан. Биз бул маселени талкууга койгонубузда, кытай консулунун делегеациясы бул багытта эч кандай тоскоолдук болбостугун айтышты.Талкуудан соң алар жакын арада Кытайдын атуулдугу боюнча мыйзамын бизге жибере турган болушту.Биз ал мыйзам менен жакшылап таанышып, кытайдагы кыргыздардын кытай атуулдугунан чыгуунун жана кыргыз атуулдугун алуунун жолдорун иштеп чыгууну макулдаштык. Бул маселе мыйзамдын чегинде чечилет деген ойдомун, - деди Руслан Казакбаев.

Ал эми келишимге ылайык туризмди өнүктүрүү багытында Кытай Эл Республикасына кыргыз өкмөтүнүн Ысыккөл аймагындагы 800 гектар жерди беришине Орусия Федерациясы нааразылыктарын билдирди деген айрым бир маалыматтарга Руслан Казакбаев пикирин мындайча билдирди.

- Ысыккөл аймагында Кытайдын бизге жакын чектешкен райондорунан келип, туризм багытын өстүрүү боюнча эс алуу жайларын куруу боюнча келишимге ылайык иштер жүрүп жатат. Ал эми Орусия же башка бир мамлекеттер тарабынан кандайдыр бир каршылыктар, нааразылыктар бар дегенди билбейм. Андай маалыматты уккан эмесмин, - деди Руслан Казакбаев.

Консулдук кызмат башкармалыктарынын 1-кеңешмесинде, «Кыргызстан аба жолдору» компаниясынын алдында Үрүмчү шаарында уруксаат кагазын (виза) берүү бөлүмүн ачуу макулдашылган.
Кеңештин кезектеги жыйыны келээрки жылдын биринчи кварталында өткөрүлүшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG