Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Армитиж Кыргызстандын президенти менен негизинен 4 маселенин тегерегинде пикир алышканын жарыя кылды.
- Биринчиден, мен АКШ президенти Жорж Буштун кыргыз элине глобалдык террорчулукка каршы күрөштө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазылык сөзүн айттым. Экинчи жагынан, АКШ Кыргызстан менен биртоп маселе боюнча, тактап айтканда, коопсуздукту камсыз кылуу, экономика жаатында кызматташа бермекчи. Үчүнчүдөн, чөлкөмдүк маселелер жайында, асыресе Ооганстан боюнча пикир алмаштык. Башкача айтканда, 23 жыл тополоң-тосто жашаган эл биринчи ирет 9-октябрда шайлоо жолу менен жетекчисин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Дагы. Биз президент А.Акаев жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда Кыргызстанда бийликтин демократиялык жол менен алмашуусу жалпы дүйнө, өзгөчө Борбор Азия үчүн үлгү болоруна ишене турганыбызды айттык. Кыргызстан баштаган өрнөк чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө үлгү болмокчу, - деп айтты Ричард Армитиж.
Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы демократиянын тагдыры, бийликтин тынч, мыйзамдык негизде бир колдон экинчисине өтүүсүнө өзгөчө кызыкдар экенине президент А.Акаев да токтолду.
- Алдыда болчу шайлоо тууралуу. Эмдиги жылкы шайлоо кандай өтөрү жөнүндө мен бир нече ирет айткам. Эми деле ал сөзүмөн кайтпайм. Бул биринчиси. Экинчиси, шайлоо толук Конституция негизинде өтөт. Дагы бир нерсени айта кетейин, Конституциялык сотко өтүнүчтү президент тарапкерлери эмес, оппозиция жолдоду. Президент, анын колдоочулары дагы бир мөөнөткө аракет кылып атат деген ой сиздерде болбосун, андай болбойт. Конституциялык соттун чечими кандай чыккан күндө да, биз шайлоону Башмыйзам негизинде өткөрөбүз. Ага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү оюбузда жок, - деди президент А.Акаев.
Ричард Армитиж да Кыргызстандын президенти кийинки шайлоого талапкер катары катышпастыгын эчен ирет ырастаганын билдирди.
- Президент А.Акаев бир нече жолу бул маселе боюнча элинин алдында ачык айткан. Мен өлкөнүн демократияга өтүшүнөн кылдай да күнөм санабайм. Анан аскердик база жөнүндө. Муну биз турукту маселе деп эсептебейбиз. Бул базанын такай турушу анчалык деле маанилүү эмес. Биздин өнөктөшүбүз, жакын досубуз Кыргыз Республикасы менен аскерий-техникалык, ал эле эмес, саясий-экономикалык карым-катнашыбыздын туруктуу болушу биз үчүн маанилүү, - деди Ричард Армитиж.
АКШ Мамлекеттик катчысынын орунбасары Кыргызстанда жарандык коомдун аракети жанданып, саясий активдүүлүгү артып баратканын айтты. Бул өлкө демократиялык жаңылануулардан тайбай тургандыгын көрсөтчү белги экенине токтолду.
Ричард Армитиж Ооганстанда өтүүчү шайлоо чөлкөм коопсуздугу менен бейпилдигине түздөн-түз таасир көрсөтөрүн ырастады.
- Ооган эли кыйын кезеңде ага кимдер колдоо-жөлөк көрсөткөнүн жакшы билишет, - деп айтты Ричард Армитиж. Кыргызстандын президенти А.Акаев Ганси аба базасы жайгашкандан бери чөлкөм коопсуздугу кыйла бекемделгенин, 1999 – 2000-жылдагыдай эларалык террорчулардын басып кирүү коркунучу жоюлганын белгиледи.