Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

БАЛАСАГУНДУК ЖУСУПТУН БИЙЛИК АРУУЛУГУ ТУУРАСЫНДА АЙТКАНДАРЫ


Мамлекеттик коррупция маселелери азыркы Кыргызстан эле эмес, орто кылым дүйнөсүн, асыресе, ойчул акылмандарды түйшөлткөн балээ болгон. Ниети бузук аткаминерлер кашыктап жыйналган казынаны, чөмүчтөп чачып өлкөнүн абалын оордоткон.

Бийлик менен калк ортосундагы мамиле жана биринчинин экинчилерге карата болгон кам көрүү мамилеси ириде, бийликтин аруулугу менен өлчөнүп келген ХI к. жашап, "Кутадгу билиг" аттуу көөнөргүс эмгек жараткан айтылуу жердешибиз Жусуп Баласагундук да бийлик менен калк ортосундагы ыраттуу алака куруу аракетин көргөн.

Баласагундук Жусуп Карахандар каганатын кургак өкүмдарлар үчүн атайын бийлик методологиясын жазып, өкүмдар, бийлик жана мыйзамдуулук түшүнүктөрүнүн ордун аныктаган. Улуу ойчулдун ою боюнча мамлекеттин мыйзамы өкүмдарлыктан да улук таза нерсе. Андыктан Баласагундук Жусуп мындай деп жазат:

- Бийлик жана падыша улук. Бирок алардан да мыйзам жогору турат. Негизги маселе ошол мыйзамдарды өз орду менен аткарууга байланыштуу, - дейт акылман.

"Кутадгу билигдин" дагы бир жеринде бийлик адилеттүүлүгүнө байланышкан кызыктуу эпизод орун алган. Күндөрдүн бир күнүндө Ай Толду аттуу увазир өкүмдардын үч бутту чырмалышкан такка отуруп, колуна чоң канжар кармап алганын көрүп, анын себебин сурайт. Анда өкүмдар: "мына, мен адилеттик жана мыйзамдын өзүмүн. Бу тактын болсо үч буту бар, андыктан ал кулабайт. Үч бут түз турса, так эч качан кыйшайбайт. Түз нерсенин бардык жагы жакшы. Жакшы болсо, кубаныч алып келет. Эгерде, үч буттун бири кыйшайса, анда так кулайт. Ошондуктан менин табиятым түз жана чындыкка негизделген. Чындык жоголсо акыр кыямат келет. Мен бардык нерсени адилеттик менен чечем.

Мына бу канжар болсо бардык нерсени кесет. Мен бардык ишти канжар сыяктуу кескилеп ишке ажырам. Тең укук издеп келген адамга эшигим ачык. Залимдик көргөн адамга оң жагымдагы шекерди берип кубантам. Сол жагымдагы уулу чөп болсо залимдер менен митаамдарга арналган. Муну адилеттиктен качкандар ичишет.

Мейли уулум же жакыным, мейли жолоочу же мейман болсун, баардыгынын мыйзам алдында укугу бирдей. Өкүм чыгарып атып, алардын ким экенине карабайм. Падыша адилет болуп, мыйзамдын шарттарын туура аткарган күндө барып аруу тилегине жетет" деп жазган улуу ойчул жана жердешибиз Баласагундук Жусуп.
XS
SM
MD
LG