Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

ОРУСИЯДА СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ «ЧАБУУЛ» БАШТАЛДЫБЫ?


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусияда акыркы 1-2 айдын ичинде эле көз карандысыз басма сөз өкүлдөрүнө тиешелүү ири жаңжалдар бир канча ирет кайталанып айтылды. Орус жергесиндеги белгилүү тележурналист Леонид Парфеновдун кызмат оордунан бошотулушу, Forbes журналынын редактору Пол Хлебниковдун өлтүрүлүшү, Санкт-Петербург шаарындагы белгилүү журналисттин жоголушу менен Москвадагы дагы бир журналисттин өлтүрүлүшү өңдүү көрүнүштөрдү айрымдар басма сөз эркиндигине жасалган ар-тараптуу кысым деп таанышты.

Орусияда сөз эркиндиги барбы? деген суроо барган сайын белгисиз тарапка багытталган дарексиз суроого айланып бараткандай. Бир четинен сөз эркиндигинин болушуна авторитардык саясий режим канчалык мүмкүндүк берсе, ошончолук деңгээлде жашап келаткан Орусияда акыркы айдын окуялары көптөрдү таң калтырбашы деле мүмкүн. Бирок эми калем ээлеринин өмүрү да коркунучка кабыла баштаганда, аналитиктер өлкөдөгү сөз эркиндигинин коопсуздугу коркунучта экендигин айтып чыгышты.

Алгач, бир жарым ай мурдараак орус жеринде эл журтка жакшы таанымал тележурналист Леонид Парфенов кызматтан бошотулган. Ал эми 9-июль күнү кечинде жумуштан чыгып, уйго жөнөгөн дагы бир журналист Павел же Пол Хлебников белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. Ал америкалык Forbes журналынын Москвадагы бөлүмүн жетектеп турчу.

14-июлда Москвадагы борбордук чиркөөдө аны менен коштошуу каадасы өттү. Анда Павел Хлебниковдун агасы Петр Хлебников эми журналист АКШда көмүлө тургандыгын айтып, Орусияга карата таарынычын жашыра албады.

- Өлкө бийик үйлөрдү куруп, дүйнөлүк конфликттерди чече берет, ал эле эмес теннис таймаштарында да жеңишке жетише берет. Бирок анын өзүндө жашаган адамдын өлүмүн тилеген өлкө - оорукчан өлкө, - деди Петр Хлебников, Павел Хлебниковдун агасы.

Азырынча Хлебниковдун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат айтыла элек. Белгилей кетүүчү жагдай, ушул жылдын жазында Хлебниковдун жетекчилигиндеги Forbes «Орусиядагы эң бай 100 ишкердин» тизмегин жарыя кылган. Бул тизмекке киргендердин көбү кийин Хлебниковко ачыкка чыккан материал үчүн нааразычылыгын билдиришкен.

Ал эми Санкт-Петербург шаарындагы «Город» басылмасынын кабарчысы Максим Максимов 9-июль күнү бери жумушка чыккан бойдон кайра кайткан эмес. Шаардык прокуратура буга каршы кылмыш ишин козгоду.

Максим Максимов шаардагы белгилүү журналисттердин бири. Акыркы мезгилдерде анчалык деле ири журналисттик иликтөө үстүнөн иштеген эмес. Бирок, бир канча жылдардан бери петербургдук депутат Галина Старовойтованын өлүмү боюнча өзүнүн жекеиликтөөсүн жүрзүзүп келген.

- Чынында эле, биздин ар бир макалабыз конфликттүү маанайды алып жүрөт жана кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн, - дейт белгисиз жоголгон журналист Максим Максимовдун кесиптеши.

Бул өңдүү дагы бир кабарды бүгүн Интерфакс маалымат агенттиги таркатты. Анда айтылгандарга караганда, Москвада чыгуучу «Армянский переулок» журналынын башкы редактору Пайла Пелоянанын сөөгү бүгүн эрте менен шаардык чоң жолдордун биринде табылган. Азырынча журналисттин өлүмүнө тиешелүү эч кандай кошумча маалыматтар айтыла элек.

«Акыркы эки ай ичи орусиялык журналистикада орун алып жаткан бул окуяларды мындагы сөз эркиндигине жасалган чабуул деп караганга болобу?» деген суроо менен Экстремалдык журналистика борборунун директору Олег Панфиловко кайрылдым.

- Анын пикиринде, «Армянский переулок» менен Forbes басылмаларынын редакторлорунун өлүмүн жана Петербургдагы журналисттин жоголушун сөз эркиндигине чабуул деп кароо азырынча эртерээк. Анткени бул журналиттер акыркы мезгилдерде журналисттик иликтөө жанрында иштешкен эмес. Ошондуктан аларды өлтүргөндөр башка максатты көздөгөн болушу мүмкүн. Ал эми НТВ каналынын жетекчилиги алмашып, бир эле убакта бир нече мыкты программалардын эфирден алынышы, чынында эле, журналисттик ишмердүүлүккө залалы тийе турган көрүнүш. Ошол төрт программанын ичинде саясий-сатирикалык берүү да бар болучу. Эми бизде сатирага да, саясий анекдотторго да жол берилбей калды. Бул – аябай коркунучтуу көрүнүш, - деп орус жергесиндеги сөз эркиндиги коркунучта экендигин айтат Экстремалдык журналистика борборунун директору Олег Панфилов.
XS
SM
MD
LG