Ишембиде Иракта эки жардыруу болду. Бири юстиция министрин бутага алса, экинчиси Ирактын коопсуздук кызматына каршы багытталды. Ишемби күнү эртең менен жардыргыч зат коюлган машина министрдин үйүнүн тушуна келип токтогон. Анда отурган жанкечти министр Малик Дохан Хасандын жумушка чыгып кетер маалын болжоп келген. Жаңы эле үйүнөн чыккан министр террордук чабуулдан аман калды. Бул жардыруудан төрт адам набыт болуп, жети адам ооруканага жеткирилди. Министрди коштогон коопсуздук кызматынын машиналары жана жанынан өтүп бараткан дагы үч машина жабыркаган. Америка армиясынын сержанты Ловери окуя тууралуу мындай деди:
- Биз ошол убакта Батыш сектордо жүргөнбүз, жардырууну угуп бул жакка жетип келдик. Окуя болгон жерде 4-5 машина жарылып, түтөп жатыптыр, - дейт америкалык сержант.
Бул террордук чабуулдан бир саат мурда Багдадда дагы бир жардыруу болгон. Ирактын улуттук гвардиясынын Махмадия шаарында жайгашкан жатак үйүнүн тушуна келип токтогон машина жарылды. Соңку маалыматтарга караганда, эки аскер набыт болуп, 25 адам жарадар болду.
Бул эки жардырууну тең Абу Мусаб Заркави башында турган согушчан топ мойнуна алды. Байкоочулардын баамында, бир нече террордук чабуулдар ушул согушчан топтун абийиринде.
Ушул апта ичинде Иракта эки мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө кол салуу болду. Шейшемби күнү Мосул шаарынын губернатору набыт болгон. Согушчандар Багдадга келаткан жеринен анын машинасына бомба ыргытып, андан кийин туш- туштан ок жаадырышкан.
Ирактын өкмөт башчысы Айад Алави болсо көтөрүлүшчүлөргө каршы күрөшүүчү атайын коопсуздук кызматы түзүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, Ирак өкмөтүнүн бүгүнкү күндөгү башкы максаты коопсуздук чараларды күчөтүү болуп саналат.
Ирактагы барымта кризиси дале курч бойдон калууда. Багдадда жүк ташыган сауд компаниясы египеттик айдоочусунун өмүрүнү сактап калыш үчүн Ирактан чыгап кетерин билдирүүдө. Экстремисттик топ айдоочунун өмүрү үчүн бул компаниядан 1 миллион доллар сураган. Бирок, компаниянын башчысы Файзал Нехейт “Ал- Жазира” телеканалы аркылуу мынчалык каражаты жоктугун айтып, барымтадагы жумушчусу үчүн 15 миң доллар сунуш кылды. “Ал- Жазира” телеканалы өз кесиптештерине карата египеттик айдоочунун “Иракка келбегиле” деген чакырыгын көргөздү.
Ал эми Болгария бийлиги согушчандардын ултиматумун кабыл алган жок. Барымтадагы бир болгардын башы алынган, экинчиси, соңку маалыматтарга караганда, азырынча тирүү. Иракта жүк ташыган эки айдоочу туугандары менен акыркы ирет 29- июнда байланышкан.
Ал эми филиппин бийлиги АКШнын жактырбаганына карабастан барымтадагы атуулунун өмүрүн сактап калуу ниетин билдирген. Ирактагы 51 филиппин аскеринин мөөнөтү 20- августта соңуна чыкмак. Соңку маалыматтарга караганда, Ирактан сегиз филиппин аскери чыгып кетти.
Айрым маалымат булактары билдиргенге караганда, Иракта согушчандардын колунан буга чейин барымтадагы төрт чет элдик өлтүрүлдү.