Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

РИЧАРД АРМИТИЖ БИШКЕКТЕ ДА, ДҮЙШӨМБҮДӨ ДА ШАЙЛООЛОРДУН ТАЗА ӨТҮШҮ БОЮНЧА МАСЕЛЕНИ КОЗГОДУ


Кубат Оторбаев, Бүбүкан Досалиева АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж Борбор Азиядагы сапарынын алкагында акыркы күндөрдө Кыргызстанда жана Тажикстанда болду. Ошол эле учурда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Европа жана ЕврАзия боюнча орун басарынын жардамчысы Элизабет Жоунс Казакстанга жана Өзбекстанга келди. АКШнын жогорку даражалуу эки элчиси тең Борбор Азиядагы төрт мамлекеттин бийликтерин алдыдагы күтүлүп жаткан шайлоолорду таза жана адилет өткөрүүгө чакырды. Айрым талдоочулар Кошмо Штаттары геосаясий кызыкчылыгына караганда аймакта адам укуктары менен демократиянын сакталышын жогору коюуда деген пикирлерин айтышууда.

17-июлда президент Аскар Акаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Американын кызматташтыгынын бардык маселелери жана Борбор Азия аймагындагы геосаясий абал талкууга алынды.

Жолугушуудан кийинки пресс-конференция өткөрүлдү. Анда Ричард Армитиж Кошмо Штаттары Кыргызстандын коопсуздугу, экономикасы жана башка тармактарына колдоо көрсөтүүгө даяр деп билдирди. Ошондой эле Армитиж кыргыз бийлигине АКШнын эларалык терроризмге каршы баштаган күрөшүн колдогондугу үчүн ыраазычылыгын айтты:

- Биринчиден, мен АКШ президенти Жорж Буштун кыргыз элине глобалдык террорчулукка каршы күрөштө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазылык сөзүн айттым. Экинчи жагынан, АКШ Кыргызстан менен биртоп маселе боюнча, тактап айтканда, коопсуздукту камсыз кылуу, экономика жаатында кызматташа бермекчи. Үчүнчүдөн, чөлкөмдүк маселелер жайында, асыресе Ооганстан боюнча пикир алмаштык. Башкача айтканда, 23 жыл тополоң-тосто жашаган эл биринчи ирет 9-октябрда шайлоо жолу менен жетекчисин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Дагы. Биз президент А.Акаев жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда Кыргызстанда бийликтин демократиялык жол менен алмашуусу жалпы дүйнө, өзгөчө Борбор Азия үчүн үлгү болоруна ишене турганыбызды айттык. Кыргызстан баштаган өрнөк чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө үлгү болмокчу, - деди Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж.

Президент Аскар Акаев Армитиждин мындай оюн улантып, 2005-жылдагы президенттик шайлоого анын катышуусуна Конституция жол бербей тургандыгын жана өзүнүн демократтыгынан шек саната турган кадамдарга бара электигин билдирди:

- Алдыда болчу шайлоо тууралуу. Эмдиги жылкы шайлоо кандай өтөрү жөнүндө мен бир нече ирет айткам. Эми деле ал сөзүмөн кайтпайм. Бул биринчиси. Экинчиси, шайлоо толук Конституция негизинде өтөт. Дагы бир нерсени айта кетейин, Конституциялык сотко өтүнүчтү президент тарапкерлери эмес, оппозиция жолдоду. Президент, анын колдоочулары дагы бир мөөнөткө аракет кылып атат деген ой сиздерде болбосун, андай болбойт. Конституциялык соттун чечими кандай чыккан күндө да, биз шайлоону Башмыйзам негизинде өткөрөбүз. Ага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү оюбузда жок.

Аскар Акаев ошондой эле, кыргыз бийлиги АКШнын Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча аракеттерин колдой тургандыгын жана Ооганстанды калыбына келтирмейинче Борбор Азияда бейкуттук орнойт деген ойдун туура эместигин билдирди.

Ричард Армитиж Кыргызстандан тышкары Тажикстанга да барды. Ал жерде Армитиж тажик бийлигин кийинки жылдын февраль айында өтө турган парламенттик шайлоону адилет жана калыс өткөрүүгө чакырды.

Эске сала кетүүчү маалымат, 8-июлда президент Эмомали Рахмонов парламенттик шайлоого байланыштуу мыйзамга кол койгон болчу. Кошмо Штаттарынын Дүйшөмбү шаарындагы элчилигинин пикиринде, ал мыйзамдын күчү менен тажик бийлиги оппозициянын колу-жолун бууганга катуу аракет жасаган.

Ушул окуялардан улам АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиждин Борбор Азиядагы сапары учурундагы негизги маселе – аймактагы мамлекеттерди күтүп жаткан шайлоолор болду десек жаңылбайбыз.

Кыргызстандагы «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, АКШ Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга карата стратегиясын өзгөрттү жана Ричард Армитиждин Кыргызстанга сапары ушундан кабар берип турат.

Байсаловдун айтымында, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү менен АКШ өнүгүүдөгү мамлекеттердин адам укуктарын, демократияны өнүктүрүү аракеттерине карата мамилесин өзгөртүп, кош стандарттын негизинде кызматташып калды деген көз карашты жокко чыгарууда.

«Муну менен АКШ Борбор Азиядагы мамлекеттер антитеррордук коалицияны канчалык колдобосун, ал үчүн адам укуктары менен демократиянын өнүгүүсү кымбат экендигин көрсөтүп, чөлкөмдөгү мамлекеттерди мына ошого умтулууга үндөөдө», -дейт Эдил Байсалов.

Ричард Армитиж Кыргызстан менен Тажикстанга келген күндөрдө Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Европа жана ЕврАзия боюнча орун басарынын жардамчысы Элизабет Жоунс Казакстанга жана Өзбекстанга болду. Жоунс казак бийлигин быйыл сентябрда өтө турган парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө жана оппозицияга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. Ал эми Ташкенде болсо Элизабет Жоунс декабрда өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу сөз сүйлөп, оппозициялык маанайдагы партияларды каттоодон өткөрбөй жатканы үчүн жана эркин басма сөзгө жол бербей келатканына байланыштуу өзбек бийлигин сынга алды.

Сүрөттө: Аскар Акаев жана Ричард Армитиж.

XS
SM
MD
LG