Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

ДҮЙНӨЛҮК БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА: ИЗРАИЛ-ИРАН МАМИЛЕСИ ЖАКШЫРАБЫ? ИРАКТЫН ПРЕМЬЕРИ КИШИ АТКАНБЫ? ТҮРКИЯ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ТҮЙҮНГӨ АЙЛАНАБЫ?


Аким Өзгөн, Стамбул Түркиялык басылмаларда өткөн аптада өлкөнүн Израил менен мамилелери негизги талкууну жаратты. Ал эми Батыштык басылмаларда болсо АКШнын Өзбекстанга жардамын токтоткону, Израил-Иранга алакалары чагылдырылды. Ирактын премьери мурда киши аткан деген маалымат болсо Австралияда чыгуучу гезитке басылды.

Өткөн аптада Түркиялык басылмаларда Израилдин вице-премьери Ехуд Олмерттин Түркияга болгон ырасмий ишсапары жана кийинки учурда салкындай баштаган Түркия-Израил байланыштары негизги талкууну жаратты. Түркиянын примьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын Израил өкмөтүн палестиналыктарга каршы мамлекеттик террор жүргүзгөнү үчүн айыпташы эки ортодогу байланыштарды суута баштаган. Израилдин чалгын кызматчыларынын Түндүк Иракта күрттөрдүн согушчандарын машыктырып жаткандыгы тууралуу басма сөздө жарыяланган кабарлар да алакаларга таасир тийгизди.

Milliyet гезитинин жума күнкү санында жазган макаласында саясий комментатор Сами Кохен “Израил вице-премьеринин Анкара саякаты мамилелердин кайра дурусталышына үлүш кошо алдыбы?” деген суроо коюп, мүмкүм эми Израил Түркиянын эмне себептен улам кабатыр болуп жатканына көзү жеткендир деген пикирин билдирген.

Лондондо чыгуучу Daily Star гезитинин Ишембидеги санында жазган макаласында саясий комментатор Ед Бленч Ед Бланчхе), Израилдин Түркия менен бир катарда Индиа менен дагы мамилесинде кыйынчылыктар пайда болуп жаткандыгын билдирет. Израилдин чалгындоо кызматы, Түндүк Ирактагы күрттөрдү машыктырып, аларды Сирия жана Иранга каршы колдонуп жаткандыгы, Израилдин Ирандын өзөктүк программасына чабуул койууну пландап жаткандыгы тууралуу басма сөздөрдө жайылып жаткан имиш кабарларга токтолуп автор, Түркия менен мамилелердин солгун тарта баштоосуна Вашингтон дагы кабатырланып жатканын бышыктайт.

Лондондо чыгуучу Sunday Times болсо америкалык өкмөттүн жогорку даражалуу кызматчысына таянып, эгерде Россия Иранга өзөктүк отун сатуу планын ишке ашыра турган болсо, Израил Ирандын Бушейр атом электр станциясына эскерте турган чабуул жасашы ыктымал экенин жазып чыкты. Жакын арада Иранды Израил үчүн эң ири коркунуч туудурган өлкө катары мүнөздөп, Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шарондун өлкөсү Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна эч качан жол бербейт деп билдириши эске салынган. Ошондой эле Sunday Times өз макаласында Тегеран менен Москванын ортосундагы өзөктүк программа келишими жөнүндө кең кесири маалымат берилет.

Израилде чыгуучу Haaretz болсо вице-премьер Олмерттин Анкара саякаты эки өлкөнүн мамилесин саал жылытканы менен муз биротоло ээрий электигин жазып чыккан. Олмерттин Президент Неждет Сезер тарабынан кабыл алынышын жана тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн үйүндө конок болушун оң мүнөздүү өнүгүү катары баалаган. Гезит ошондой эле премьер-министр Эрдогандын Анкарада Сириянын премьер-министри Нажи Ал Отрини кабыл алып, бироу Олмерт менен көрүшпөй коюшу ортодогу мамилелердин татаалдашып калганынын белгиси деп билдирген.

Макаланын автору Зви Барелдин пикиринде, Израил менен Түркиянын ортосундагы тыгыз мамиле эми бүтүндөй башкача бир багытта жүрүп жатат жана муну жөн эле Түркиянын башкаруудагы өкмөтүнүн исламчыл мүнөзүнө гана байланыштырууга болбойт. «Анткени, - деп улантат Зви Барел, - Түркия Европа биримдигине мүчө болгусу келет жана өзүнүн тышкы саясатын биримдикке уйкаштырышы керек. Ошону менен катар Түркия Ирактагы кийинки өнүгүүлөргө кабатыр. Ал жерде күрт мамлекетинин түзүлүшүнүнө жол бербөө үчүн Сирия, Иран жана Египеттин колдоосуна муктаж”.

Австралияда чыгуучу Sydney Morning Herald гезити Ирактын премьер-министири Иад Аллави бул кызматка келеринен бир канча күн мурда 6 ирактыкты атып өлтүргөнүн жазды. Көзү менен көргөн күбөлөрдүн берген маалыматына таянган гезит Багдад шаарындагы «Ал-Амария» коопсуздук башкармалыгында Аллави көзү жана колу байланган 7 ирактыкты дубалга такап туруп тапанчасы менен аларды башка атканын маалымдады. Алардын алтоосу дароо өлүп, бирөөсү жарадар болгон. Макаланы жазган Австралиялык журналист Ирактан чыгып кеткен. Австралиянын өкмөтү бул окуяга байланыштуу иликтөө жумуштарын баштаган.

“АКШнын президенти Жорж Буш Өзбекстанга 18 миллион доллар көлөмүндөгү жардамды токтотуп коюп террорго каршы күрөштө кызматташ болгону менен, мунайга бай диктатордук режимдерди колдоо саясатынан баш тартуу жаатында алгачкы кадамды шилтеди” деп билдирет WP гезити.

Өзбекстанга жардамдын токтотулушу мунай, газ жана аскердик базалар жагынан кийинки жылдарда мааниси арткан Борбор Азиядагы калган жумуруяттардын президенттерине адам укуктарынын сакталышы жаатында берилген олуттуу эскертүү болду.

Ушул эле темада жазган Financial Times диктатор Каримовдун өкмөтүнө жардамды токтотуунун убактысы алда качан эле келип жеткенин жазды. Ооганстандагы согуштун тушунда АКШнын Борбор Азияга кызыгуусунун артышынан эң көп пайда тапкан Каримов өлкөдөгү адам укуктарынын одоно бузулушун токтоткусу келбеди же бери эле дегенде токтото албады делинет макалада. Гезиттин маалымдашынча Борбор Азия жумуруяттарында демократияны түптөш оңой олжо эмес. Бул аймакта тизгинди колуна кармаган авторитар лидерлер сахнадан сүрүлүп кеткиче али көп бар. Ошондон улам Батыш бул аймакта демократиялык өзгөрүштөрдү турмушка ашырыш үчүн мындан ары дагы иштеши керек. Бул бир гана моралдык маселе эмес, бул таасирдүү саясаттын талабы да болуп эсептелет.

Еврокомиссиянын төрагасынын энергетика жана телекоммуникация иштери боюнча орунбасары Лояло де Паласио Түркия келечекте Европанын энергетика менен камсыздалышына көпүрө боло аларын айткан. Бул тууралуу Түркияда чыгуучу Zaman гезитинде айтылды. Макалага караганда айым Паласио Египет, Ирак, Сирия, Иран жана Азербайжандын табыйгый газын жана чийки мунайын батышка алып чыгуучу кан жолдо турган Түркия Батыш Европанын ич ара байланыш түйүнүнө мүчө боло алат. Бул тууралуу келишимге алдыдагы айларда кол коюлмакчы.
XS
SM
MD
LG