Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

ОРУСИЯНЫН КҮЧ СТРУКТУРАЛАРЫНДА РЕФОРМА ЖҮРҮП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Москва 19-июль күнү Орусиянын күч структураларында олуттуу кадрдык өзгөрүүлөр болду. Президент Владимир Путиндин жардыгы менен Генералдык штабдын башчысы Анатолий Квашнин, Ички аскер күчтөрүнүн жетекчиси Вячеслав Тихомиров, Ички аскердик күчтөрдүн Түндүк-Кавказ округу боюнча башчысы Михаил Лабунец жана Федералдык Коопсуздук Кызматынын директорунун орун басары Анатолий Ежков кызмат оордуларынан бошотулушту.

Жогоруда аталган ысымдарды улап, Урал жана Түндүк-Кавказ аскерий округдарынын жетекчилери Александр Баранов менен Владимир Болдырев ич ара орун алмашышканын, эми Баранов Кавказга, Болдырев болсо Уралга дайындалгандыгын айтууга болот.

Дүйшөмбүдө кадрдык өзгөрүүлөргө кабылган ведомстволордун ичинде ушул мезгилге чейин аскерий-саясий маселелерди чечүүдө абройлуу деп эсептелинип келген Генералдык штабдын жетекчилиги да бар. Анын буга чейинки башчысы Анатолий Квашнин кызматынан бошоп, анын ордуна Квашниндин буга чейинки биринчи орун басары Юрий Балуевский дайындалды.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Иванов Квашнин мырза өлкөнүн Башкы штабы оор күндөрдү баштан кечирип турган маалда келип, аны бутуна тургузгандыгын айтты:

- Ал эми бүгүн өлкөбүз оор мезгилден алга суурулуп чыкты жана күч структураларындагы реформа эми башкача мамилени талап кылат. Бүгүн аскерий күчтөр болочок согуштар тууралуу ойлоп, стратегиялык пландарды түзүү менен алектениши керек.

Квашниндин ордуна дайындалган Балуевский аскерий чөйрөдө «батыштык нуктагы» көз-караштары менен жакшы таанымал.

«Генштаб жетекчилигине эми Балуевскийдин келиши менен эң алгач Батыш мамлекеттери жана орусиялык аскерий күчтөр ортосундагы мамиле жакшырышы күтүлөт» деп эсептейт жергиликтүү аскерий эксперт Павел Фельгенгауэр.

- Эми Батыш өлкөлөрү менен мамиледе чыр-чатак же пикир келишпестиктер азайышы мүмкүн. Ал эми Чеченстан проблемасы ошол бойдон эле калат, Генштаб эми чечен темасынан мүмкүн болушунча алыстоо аракетин көрө баштайт. Адатта, бул өңдүү кадрдык орун алмашуулардан кийин аталган струтуралардын ишмердүүлүгү жакшырып кетпейт. Андыктан, бул жолу да жемиштүү натыйжаны күтүүнүн кажети деле жок, - деп ойлойт аскерий аналитик Павел Фельгенгауэр.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде өткөн жыйында бул орун алмашуулар Ингушетиядагы окуялардын айынан болгондугун айтты. Анткени Ингушетиядагы окуяларда байкалган федералдык күч структураларынын алсыздыгы бул жаатта олуттуу реформалардын болушунун зарылдыгын айгинилеген.

Анткен менен көптөгөн эксперттердин ойлорунда, күч структураларындагы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу мурдатан эле айтылып келген. «Ингушетиядагы окуялар Кремлдин планын ишке ашырууга шылтоо гана болду» деп ойлошот алар. Мисалы, «Еженедельный журнал» басылмасынын аскерий талдоочусу Алдександр Голц Анатолий Квашниндин кызматтан бошотулушунда ингуш маселеси шылтоо гана болгон деп эсептейт:

- Квашнин кызматтан кетиши тууралуу мурдатан эле белгилүү болчу. Анткени Коргоо жөнүндөгү биздин жаңы мыйзамга ылайык Генштабдын статусу олуттуу өзгөрөт жана Квашнин буга анча деле ыраазы болгон эмес. Ал эми калган чиновниктерди Путин чындап эле Ингушетиядагы окуялар үчүн жазалады көрүнөт.

Бул өзгөрүүлөр дүйшөмбү күнгө таандык. Ал эми шейшембиде президент Владимир Путин өлкөнүн Ички иштер министрлигин реформалоо жөнүндөгү жардыгын чыгарды. Ага ылайык министрликтин жетекчилеринин саны кескин кыскарат.

Буга чейин - 15-июлда Владимир Путин «Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын» реформалоо жөнүндөгү жардыгын чыгарган. Анын негизинде ФСБнын катары кыскарып, ошол эле учурда ага көбүрөөк укуктар берилет.

XS
SM
MD
LG