Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Казакстан Кыргызстан менен эмгек миграциясы боюнча макулдашуу түзбөйт


БИШКЕК. Казакстан Кыргызстан менен эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча макулдашуу түзүүгө кызыкдар эмес. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умарзак Узбеков билдирди. Анын айтымында, эмгек миграциясы боюнча кыргыз тарап сунуш кылган макулдашуунун долбоору Казакстандын мыйзамдарына карама-каршы келет. Кыргызстан андай макулдашууга кол койгон тараптар өз аймагында чет өлкөлүк жарандарды эмгекке тартып, жумушчу күч катары пайдаланууга тыюу салсын деген жобону киргизүүнү сунуштаган. Элчинин билдирүүсү боюнча, Казакстан ички эмгек рыногун коргоону башкы максат деп эсептейт жана чет өлкөлүк канча жаранды ишке тартуу маселесин жергиликтүү бийлик өз муктаждыгына жараша чечкендиктен маселени дагы дыкат иликтөө зарыл деген бүтүмгө келген.

XS
SM
MD
LG