Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

ТҮРКИЯ ФРАНЦИЯДАН КОЛДОО АЛУУНУ КӨЗДӨӨДӨ


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бул күндөрү иш сапары менен Францияда жүрөт. Ал Париждеги сүйлөшүүлөрдө өз өлкөсүнүн Евробиримдикке кирүүсү үчүн Франциянын колдоосун алууну көздөөдө.

Түркиянын расмий өкүлдөрү алардын өлкөсүнүн Евробиримдикке кошулуусуна Францияда каршылык күчтүү экенин эске алганда, премьер-министр Режеп Эрдогандын Париждеги азыркы визитинин мааниси чоң экенин айтышууда. Эрдоган өзү да Анкарадан Парижге жөнөп кетээр алдында ал Францияда түрк өкмөтү өлкөнү Евробиримдиктин шарттарына ылайыкташтыруу үчүн эмнелерди жасап жатканы боюнча түшүндүрмө берээрин белгилеген эле. Ал эми Парижде француз премьер–министри Жан-Пьер Раффарен менен кездешкен соң Түркия декабрдагы жыйында Франциянын кодоосуна ишенип жатканын айтты:

- Биз француз өкмөт башчысы менен Евробиримдиктин декабрдагы саммитин узакка талкууладык жана биз Франция европалык проблемаларда, өзгөчө президент Жак Ширактын ортомчулугу астында, көргөзүп келген колдоо келечекте да улантылат деген ишеничтебиз.

Эрдоган шейшемби күнү француз президенти Жак Ширак менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Түркия Евробримдикке 1999-жылдан бери талапкер. Уюмдун лидерлери Анкара мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүү баштоого даяр же даяр эместигин быйыл декабрдагы саммитте аныктап, эгер даяр деп табышса сүйлөшүү башталуучу мөөнөтү белгилеши керек. Ага чейин уюмдун аткаруучу органы – Еврокомиссия октябрь айында Режеп Эрдогандын "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы бийликке келген эки жылдан бери кандай реформаларды жүргүзгөнүн иликтемекчи.

Ал эми Евробиримдиктеги дөө-шаалардын бири болгон Францияда, жашылдарды эске албаганда, саясий партиялардын баары Түркиянын уюмга кошулушуна каршы болуп жүрөт же бул маселеде туруктуу позицияны карманбай келүүдө. Европарламентке жакында өткөн шайлоо кампаниясы учурунда да аталган маселе боюнча арбын сөз болду. Алтурсун Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча француз президенти Жак Ширактын өзүнүн партиясынын ичинде да мунаса жок. Мындан үч ай мурда Ширактын партиясынын жетекчилиги Түркиянын Евробиримдикке киришине каршы болоорун айткан. Ушундан улам узактан бери Анкаранын Евробиримдикке кошулуусун колдоп жүргөн француз президенти май айындагы билдирүүсүндө бул маселенин айланасында этияттык менен сөз кылган эле:

- Мен Түркия Европанын мүчөсү болуш керек деген ишенимдемин. Бирок менен ошондой эле Евробиримдикке кошулуу белгилүү бир шарттардын алдында гана ишке ашат деген ойдомун. Алар бүгүнкү күнгө карата аткарыла элек.

Парижде чыгуучу "Либерацион" гезити болсо Режеп Тайып Эрдогандын визитине тушташ жарыялаган макаласында буга чейин европалык өлкөлөрдүн көбүнөн колдоо тапкан Түркия Францияны Евробиримдикке карай жолдогу башкы тоскоолдук катары караарын жазып чыкты.
Ал эми Франция тышкы иштер министри Мишель Барниердин кечээги сөздөрү Түркия Евробиримдикке кирүүгө азырынча даяр эмес деп эсептеген франциялыктарды буга дагы бир жолу ишендиргенсиди. Жергиликтүү "Европа1" радиосундагы маегинде ал Түркиянын Евробиримдиктин талаптарына жооп берүү багытында жасаган аракеттерин кубатоо менен катар Анкарага ашыкча оптимист боло бербөөнү эскертти:

- Биз чындыкты айтышыбыз керек. Түркия Евробиримдикке эртең эле кирип жаткан жок. Ал ишке ашканча Түркия узак жолду басып өтөт. Азырынча ал өзүн даярдап жана ийгиликтерге жетишип кээде ушул жолдо жүрөт.

Түркия Евробиримдикке талапкер болгон соңку беш жылдан бери анын мүчөлүгү боюнча боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы көбүнесе европалыктардын адам укуктары жаатындагы тынчызданууларына байланыштуу кармалып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG