Басранын регионалдык кеңешинин мүчөсүн чак түштө Ирактын полициячыларынын кийимин кийген адамдар атып кетишти. Маркум Хазим Тафик ал-Аначинин машинесине шаардын чет жагындагы текшерип-өткөрүү жайына чукулдап калганда ок жаадырылган. Анын ооруканага жеткирилген айдоочусу окуяны төмөнкүдөй сүрөттөйт:
- Биз атайлап тандап алган жол менен келатканбыз. Буга чейин көп жолу коркутуп-үркүтүүлөр болгон, опуза каттарды да алчубуз. Ошондуктан жолубузду ар дайым өзгөртүп, душманды буйтап өтүүгө аракеттенчүбүз. Анан минтип, кайгуул жайына жакындап калганда ок жапырыгына кабылдык.
Соңку кездери Ирактын ырасми органдарына, өкмөт мүчөлөрүнө каршы кол салуулар күч алды. Дүйшөмбүдө Багдаддагы полиция бөлүмүндө бомба жарылып, 9 киши өлүп, 60тай адам жараат алды. Бул чабуул – акыркы беш күн ичинде өкмөт менен полиция имараттарын бутага алынып, адамдардын өлүмүнө алып келген төртүнчү кол салуу болду. Анын алдында эле Хит шаарынын полиция башчысынын өлүгү Фаллужа калаасындагы базардын жанынан табылган. Ал киши өткөн ишембиде кызмат ордунан уурдалып кеткен боюнча дайынсыз эле. Жекшембиде Ирактын аскердик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жумуштан үйүнө кайтып бараткан жеринен киши колдуу болуп жан берди.
"Ассошиэйтед пресс" агенттиги 28-июнда Ирактагы бийлик утурумдук өкмөткө өткөрүлүп берилгенден бери 80ге жакын киши ар кандай чабуулдардын курмандыгы болгонун маалымдады. АКШ колдогон жаңы өкмөткө касташ согушчандар өлкөдө башаламандык орнотуп, өз максатына жетиш үчүн машинелерди жардыруу, көтөрүлүш чыгаруу, киши өлтүрүп, же уурдап кетүү, барымтага алуу жолдорун колдонууда.
Ал тапта арабдардын "ал-Арабия" телеканалы ушул айдын жетисинде уурдалып кетип, барымтага алынган филиппиндик айдоочу Анжело де ла Круз боштондукка чыгарылганын жарыялады. Аны барымтага алган согушчандар Филиппин өкмөтү Ирактагы аскерлерин алып кетпесе, де ла Круздун башын кесерин айтып коркутушкан. Алардын талабына баш ийген Филиппин бийлиги шейшембиде Ирактан акыркы аскерлерин чыгарып кетти. Дүйшөмбүдө Мисирдик айдоочуну туткундап алган согушчандар ал иштеген Сауд Арапстандык компания барымтачылардын айтканына моюн сунуп, Ирактагы бизнесин токтотконун жарыялагандан кийин гана туткунду мисирдик дипломаттарга өткөрүп беришти.
Ирактын утурумдук өкмөтү ал тапта дүйнө коомчулугу менен кызматташтык алакаларын орнотуу аракетинде. Дүйшөмбүдө бул максатта Ирактын премьер-министри Ияд Аллави Иорданияга барды. Багдаддык башкы дипломат Хошияр Зебари Ирактын 43 мамлекеттеги элчилери дайындалганын жарыя кылды.
Ал гана эмес, утурумдук өкмөт айрым маселелерде Америкалык жетекчиликтен көз карандысыздыгын көрсөтүүгө да умтулууда. Алсак, жекшембиде премьер-министр Аллави "Ал-Хавза" гезитин кайра чыгара баштоо жөнүндөгү токтомго кол койду. Аталган басылма март айында "коалициялык күчтөргө каршы маанайды козутканы үчүн" деп, америкалык башкаруучу Пол Бремердин буйругу астында жабылып калган.
Вашингтондук жетекчилер Ирандын Америкадагы теракттарга тиешеси бар-жоктугу иликтенип жатканын катуу белгилеп жаткан чакта, дүйшөмбүдө Ирактын Америкадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ренд ар-Рахим Фрэнки айым Багдад коңшулаш Иран менен жакшы мамилелер күтүүнү каалайт деп басым жасады. Ал буга чейин Тегеран кызматташтыкка кызыкдарлыгын көрсөтө алганын кошумчалай кетти.