Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

ООГАНСТАН: АСКЕР БАШЧЫЛАРЫ АЛМАШСА БИРИМДИК ОРНОЙБУ?


Ооган президенти Хамид Карзай шейшембиде өлкөдөгү таасирдүү аскер башчыларын башка кызматтарга которду. Кабулдун өкүлү билдиргендей, муну менен Карзай өлкөнүн бардык региондорунда борбордук бийликти күчтөндүрүп, октябрь айында өтө турган президенттик шайлоо алдында бекем тартип орнотууну көздөп жатат. Анткен менен, көпчүлүк байкоочулар ырасми Кабулдун соңку чечими олуттуу натыйжа береринен күмөн санашат.

Ошентип, Ооган президентинин шейшембидеги жардыгы менен өлкөдөгү эң таасирдүү аскер башчылар армиядагы кызматынан бошотулуп, өкмөттөгү башка орундарды ээлешти. Бул тууралуу президент Карзайдын басма сөз өкүлү Жавед Лудин жарыя кылды:

- Армиянын Ненграхар провинциясындагы бөлүмүн жетектеген генерал Хазрат Али ушул эле аймактын полиция башчылыгына, Кандагардагы аскер башчы генерал Хан Мухаммед ички иштер бөлүмүн жетектөөгө которулду. Ал эми армиянын Балх провинциясындагы бөлүгүн башкарган генерал Мухамед Атта ушул эле аймактын акими болуп дайындалды.

Кабулдун ырасми өкүлү аталган үч командир кызмат ордун которууга макул болушканын кошумчалай кетти. Анын айтымында, бул дайындоолор – көп жылдардан бери Ооганстандагы провинцияларды өз алдынча башкарууга көнүп алган кол башчылардын, же талаа командирлеринин "өзүмбилемдигин" жоюп, жер-жерлерде Кабулдагы өкмөттүн бийлигин орнотуп-бекемдөө максатын көздөйт. Мындай аракет - 9-октябрга белгиленген президенттик шайлоо, андан ары келерки жазда өтө турган парламенттик шайлоо алдында өлкөдөгү бейкуттук менен биримдикти сактоо муктаждыгынан келип чыккан мүдөө.


Бирок өз провинцияларында кадыры күч кол башчыларды ушул эле аймактын башка жетекчи кызматтарына которуу менен ооган өкмөтү бардык аймактарда бийлигин бекемдей аларына ишенгендер аз. Ооганстан боюнча эксперттердин көбү Кабулга сес көрсөткөн талаа командирлерин өз провинцияларындагы бийликтен биротоло оолактатмайынча, иш алдыга жылбайт деген пикирде. Президент Хамид Карзайдын жаңы жарлыгын жар салган басма сөз өкүлү Лудин болсо, ушундай чечим да – жергиликтүү аскер башчылары менен өкмөттүн ортосундагы татаал сүйлөшүүлөрдүн жемиши болгонун, региондордогу командирлерди алмаштыруу жараяны дагы да улантыларын белгиледи.

Эл аралык кризис тобунун Ооганстандагы бөлүмү – кызматын которгон үч генерал – жаңы ордунда отуруп алып деле жергиликтүү аскер бөлүгүн тейлеп-тескей алат деп эсептейт. Аталган уюмдун Кабулдагы аналитиги Викрам Парех: "Ооганстандагы кырдаал – кайсы бир адамдардын кызмат которуусунан кыйла татаал маселе" экенин белгилейт.

Жумуш ордун алмаштырган 3 генерал – провинциялардагы аскердик бөлүктөр өлкөнүн коргоо министри менен президентке баш ийет, алар кайсы кишини дайындаса өзүлөрү билет деп айтышты. Аким болуп дайындалган генерал Мухамед Атта Ооган өкмөтү жергиликтүү бийликтегилерге колдоо көрсөтүшү керектигине басым жасады:

- Элдин жана борбордук өкмөттүн колдоосу гана менин бийлигимди бекемдей алат. Эгерде өкмөт – аймакты калыбына келтирүүгө, жергиликтүү казынаны туура пайдалануу, аны элдин кызыкчылыгына жумшоо иштерине жардам бербей, көйгөйлөр чечилбеген бойдон кала берсе, анда мен сөзсүз отставкага кетем, - деди генерал Атта.


Ооганстандагы кырдаалга дымагы күчтүү аскер башчыларынан тышкары талибдер менен "Ал-Каиданын" калдыктары да коркунуч келтирүүдө. Апта башында Ооганстандын коопсуздук кызматы Талибандын лидери Омор молдонун биртууган кайнисин колго түшүрдү. Маалыматтарга караганда, анын жанында табылган ири суммадагы акчаны талиб согушкерлери шайлоо өнөктүгүнө чагым салуу аракеттерине жумшамак экен.


Ал тапта күздөгү президенттик шайлоого катышарын жар салган талапкерлердин тизмеси 16 адамга жетти. Алдын-ала эле башкы талапкер аталган азыркы президент Карзай өз чечимин эмки аптада жарыя кылары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG