2000-жылдан бери абакта отурган белгилүү саясий ишмер Феликс Куловдун айланасында акыркы чатак, анын кайсы убакта шарттуу түрдө боштондукка чыгуусуна байланыштуу тутанды. Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы Феликс Кулов 2005-жылы ноябрь айында эркиндик алыш керек деп билдирсе, Акыйкатчы жана “Арнамыс” партиясы Кулов быйыл июль-август айларында шарттуу түрдө боштондукка чыгыш керек деген пикирде болууда.
Мына ушул талашты сот чечиш керек деген Феликс Кулов Сокулук райондук сотуна 12-июнда кайрылган. Бирок ал арызы сотко жеткен эмес. Маселенин сотто каралашы атайлап создуктурулуп жатат деген Феликс Кулов 22-июлдан тартып саясий ачкачылык жарыялаарын билдирген. Мына ошондон кийин гана Куловдун арызы сотко жеткирилери убада кылынды. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Батыр Сапарбаев Кулов 21-июлда сотко жаңы арыз жазганын 22-июлда кабарлады:
- Кулов сотко жаңы арызды кечээ жазган. Ал сотко жиберилди.
Сапарбаевдин айтымында, ал арыз 22-июлда сотко жетүүгө тийиш.
Бирок “Арнамыс” партиясы бейшембиде тараткан маалыматында Феликс Куловдун түзөтүү колониясында турууга тийиш болгон документтери мыйзамды бузуу менен Жаза өтөө мекемелер башкармалыгында сакталууда. Ал документтерсиз сот ишти карай албайт. Буга карабай ачкачылык акциясын баштабай туруунун себебин партия төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындайча түшүндүрдү :
- Феликс Шаршенбаевич өзү ушундай чечим кабыл алды. Юстиция министрлиги арызды сотко жеткирип беребиз деп убада берүүдө. Ошондуктан биз ага ишенип, акциябызды токтотуп турабыз.
Алиевдин айтымында, эгерде арыз сотко түшкөн болсо, сот аны бир айдын ичинде кароого милдеттүү.
Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын эсебинде көрсөтүлгөндөй, Феликс Кулов эгерде 2005-жылы ноябрь айында шарттуу түрдө боштондукка чыгарыла турган болсо, анда анын парламенттик жана президенттик шайлоого кыйыр түрдө болсо да таасир этүүсүнө жол берилбейт. Эмил Алиевдин пикиринде, бийлик дал ощондуктан Куловдун эркиндикке чыгуусун создуктурууда:
- Алар Куловдон коркуп турушат. Бирок бул туура эмес. Корко тургандай Кулов террорист же кылмышкер эмес. Бул баарына белгилүү.
Ал эми расмий бийлик өкүлдөрү Куловдун ишинде саясат бар экенин башынан бери четке кагып келатат.
Өлкөдөгү адам укугун коргоочу уюмдар Феликс Кулов саясий туткун катары тез арада боштондукка чыгыш керек деген пикирде. Маселен,“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов Куловдун күнөөсү болсо да, болбосо да саясий туткун катары дароо бошотулууга тийиш, бийлик ээлери мына ушундай кадамды жасаш керек, деген оюн билдирди.