Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

ВАШИНГТОН ООГАНСТАНДАГЫ МЫЙЗАМСЫЗ ТҮРМӨНҮ БИЛГЕНБИ?


Америкалык аскерлердин Иракта жана Ооганстанда айыпкерлерди кордоп, кыйнаганы пайда кылган жаңжалга эми жаңысы кошулду. Учурда америкалык үч карапайым атуулга Ооганстанда жергиликтүү тургундарды уурдап кетип, уруп-сабап, кыйнаган деген айып коюлууда. Мыйзамсыз түрмө иштеткендердин бири Жонатан Айдема биз эч кимди кыйнаган эмеспиз, Вашингтон өкмөтүнүн колдоосу менен иштегенбиз деп карганууда.

Ушул шаршембиде эле Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Ричард Баучер Айдеманын кишилери менен Вашингтондун эч кандай алакасы болгон эмес деп ырастаган:

- Кошмо Штаттары бул кишилерди ишке алып же аларга демөөрчү болгон жок, болгон да эмес экендигин мен тактап койгум келет. Биздин Ооганстандагы элчилик да муну так кесе айтып жатат.

АКШ армиясынын жана НАТОнун Ооганстандагы өкүлдөрү да Айдеманын кишилерин билбейбиз деп кесе айтышкан. Бирок бейшембиде Ооганстандагы АКШ баштаган коалициялык аскерлердин маалымат катчысы майор Жон Сипман Айдема кармап берген ооган атуулун америкалык армия бир ай камакта кармаганын маалымдады. Ошол эле убакта Сипман Айдеманын АКШ армиясына тийешеси жок деп ырастады. Сипмандын сөзү боюнча, кармалган кишини террорист болушу мүмкүн, бирок америкалык майор анын аты-жөнүн, кандай кылмыш кылган деп шектелип жатканын же учурда анын кайда экендигин тактаган жок.

Ал эми Айдема шаршембиде Кабулдагы сот жыйынынан кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип, бизди АКШнын Коргонуу департаменти колдогон болчу деп ырастады:

- Биз Пентагон менен күн сайын, кээде күнүгө беш жолудан, эң жогорку деңгээлде байланышып турчубуз.

Айдема мурда АКШнын армиясында катардагы аскер болгон экен. Ал Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельддин кеңсеси жана анын жакын кеңешчилери менен факс жана электрондук почта аркылуу түз байланышта болгондугун тастыктады.

Шаршембидеги сот жыйынында бир нече ооган атуулу Айдеманын тобу аларды барымтага алып, кордогонун билдиришти. Күбөлөрдүн бири, такси айдоочу Ахмад Али америкалыктар улам кайра башын сууга малып, ичке, бутка согуп, бир жума бою эки кесим нандан башка тамак бербей ачка кармашканын айтып берди. Америкалыктар ага бейтааныш кишилердин сүрөттөрүн көрсөтүп, буларды билесиңби деп такып сурашкан. Күбө түшкөн дагы эки киши америкалыктар аларды терини күйгүзгүдөй ысык суунун агымында кармашканын билдиришти. Бирөө 18 күн камакта отурган. Күбөлөрдүн бири Гулам Сакхи мындай деди:

- Үч америкалык үстүбүзгө кайнаган суу куюшту, уруп, сабашты, террористтер деп шектелген кишилерди көрсөткүлө деп кыйнашты. Алар бизди бир нече жолу кыйнашты. Ооган котормочулары болду, дагы башка оогандар бар болчу, азыр алар сот залында жок. Алардын куралы бар болчу. Алар да бизди кыйнап, уруп-сабап, үстүбүзгө кайнак сууну жаба куюшту.

Айдема бул күнү сотто көрсөтмө берген жок, бирок сот залынан чыккандан кийин кабарчыларга "биз Баграмдагы АКШнын базасына күйүүчү май жүктөлгөн машина менен чабуул жасоону пландап жаткан кишилерди камакка алганбыз" деп билдирди. Айдема кармалгандар Ооганстандын бир нече жетекчилерин өлтүрүшмөк деп ырастады.

Айыпталуучу ошондой эле жогоруда сүйлөгөн Гулам Сакхинин көрсөтмөсүн төгүнгө чыгарып, бул кишинин кандай суракка алынганы видеотасмага түшүрүлгөнүн билдирди:

- Прокурордун колунда видеотасма бар, анда Гулам Сакхинин сурагы толугу менен тартылган. Аны эч ким урган эмес, кылына зыян келтирген эмеспиз, түшүндүңөрбү?

Америкалык, ошондой эле, анын тобу мындан эки ай мурда талибдердин чалгын кызматынын өкүлүн колго түшүрүп, америкалык расмий өкүлдөрдүн колуна өткөрүп бергенин маалымдады. Айдемага, анын эки америкалык, төрт ооган шеригине каршы сот иши кийинкиге калтырылды. Коргонууга даярдануу үчүн айыпталуучуларга эки жума убакыт берилди.

XS
SM
MD
LG