Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

ИРАК: ЭКИ ДАРЫЯ АРАЛЫГЫНДАГЫ САЗДАК ЖЕРДИ САКТАП КАЛУУГА ЖАПОНИЯ КӨМӨК КӨРСӨТӨТ


Иракта кырдаал коогалаңдуу бойдон кала берүүдө. Шийи диниятчысы Муктада ас-Садр барымтачылардын колго түшкөндөрдүн башын алган кылмыштарын айыптады. Убактылуу өкмөт согуш бүлгүнчүлүгүнө учураган Иракты калыбына келтирүү чараларына көмөк кылуусун өтүнүп, бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Жапония Эки Дарыя аралыгындагы саздак аймакты калыбына келтирүү үчүн үчүн алты миллион фунт стерлинг, башкача айтканда, он бир миллион долларга жакын акча каражатын бөлүүдө.

Иракта коогалаңдуу кырдаал сакталып кала берүүдө. Согуш башталгандан бери каршылык көрсөткөн күчтөр менен тынымсыз алышкан коалициялык аскерлердин 1017си набыт болду, алардын ичинен дээрлик 900ү – америкалык жоокерлер. Ишембиде Самарра шаарына жакын жерде мунай кууруна кол салуу болду. Чет элдиктерди барымтага алуу тактикасы да козголоңчулар тарабынан байма-бай колдонулууда. Жакында эле барымтачылар тутуп алган болгар атуулунун башы жок денеси табылды.

Айтмакчы, барымтадагылардын башын алган учурлар ирактыктардын өздөрүнүн арасында да каршы пикир жаратууда.

Кечээ, жума күнү ирактык шийилердин таасирдүү диниятчысы, айатолла Муктада ас-Садр (Moqtada al-Sadr; сүрөттө) жума намазга жыгылганы Куфа шаарындагы жамы мечитке чогулгандарга кайрылып, барымтадагы кишилердин башын алууну исламга каршы жорук катары сынга алды:

- Эгерде сиз саясат жана дин деген эмне экенин билген болсоңуз, анда кишинин башын алууга барбайт элеңиз. Эч бир динде жана шариятта баш алуу жолу менен жазалоого жол берилбейт. Анысы чын, алар – сиздердин кас душмандар жана баскынчылар, бирок мунун өзү алардын башын кесүү жоруктарын актай албайт.

Муктада ас-Садр АКШнын баскынчылыгын ырааттуу айыптаган диниятчылардын бири.

Ушул тапта Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөнү кайра куруу жаатында улам жаңы шерик табуу үчүн дипломатиялык аргаларын ыкчамдатууда. Убактылуу өкмөттүн башчысы Айад Алави (Iyad Allawi) ишембиде Сириянын президенти Башар Асад менен Дамаск шаарында сүйлөшүү жүргүздү. Бул жолугушууну Алави Ирак менен Сириянын өз ара карым-катнашында жаңы барак ачылып жаткан мезгил деп баалады. Буга чейин Мысыр менен Иорданияда болгон Алави жекшембиде Ливанга келмекчи.

Ал эми убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министри Хошйар Зебари (Hoshyar Zebari) ишембиде Маскөөгө эки күндүк иш сапар менен келип, орусиялык бийлик менен Иракты кайра куруу жаатында тыгыз кызматташуу тууралуу сүйлөшө баштады.

Иракты кайра курууга салым кошуп жаткан бай мамлекеттердин бири – Жапон өлкөсү. Бул өлкөнүн өкмөтү Ирактагы Тигр жана Эвфрат дарыяларынын алабындагы айтылуу саздак аймакты кайра калыбына келтирүү үчүн он бир миллион долларга жакын акча каражат бөлүү тууралуу чечим кылды.

«Саздактагы арабдар» деп аталган этностук топ байырлаган бул жер Саддам Хусейндин тушунда өзгөчө бүлгүнгө учураган. Анткени саздактагы арабдар Саддам Хусейндин режимине каршы көтөрүлүш уюштурушкан. Иудейлик жана христиандык уламыштарда айтылган Адам менен Обо эне чогуу турган бейиш багы, чын-чынына келгенде, дал ушул саздак аймакта жайгашкан болчу деп жоромол кылынып келет.

Уламышка караганда, Адам ата менен Обо эне мындагы эки дарактын мөмөсүн жебөөгө тийиш болгон. Алардын бири - өлбөстүктүн касиетине ээ болсо, экинчиси – жамандык менен жакшылыкты ылгоого жол ачмак. Шайтан азгырган соң, Адам ата менен Обо эне тыйуу салынган мөмөдөн ооз тийишип, кудайдын каарына калып, бейиш багынан жердеги кадыресе турмушка куулган имиш.

Ирактагы саздак аймакты кайра калыбына келтирүүгө багытталган каражаттын оодук бөлүгү экологиялык долбоорлор үчүн пайдаланылмакчы. Мында башка жерлерде жолукпаган сейрек куштар, балыктар жана башка жандыктар байырлайт. Эгерде бул жердеги экологиялык тең салмактуулук тез арада калыбына келтирилбесе, анда 2008-жылга карата саздак жер таптакыр жансыз шор аймакка айланышы ыктымал. Адистердин айтымында, бул аймакты узак мөөнөткө сактап калуу чаралары жалаң гана Ирак менен байланыштуу болбостон, Тигр менен Эвфраттын башатында суу сактагыч куруп жаткан коңшу Түркия жана Сирияга да багыныңкы.

XS
SM
MD
LG