Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

АКШ НАТОго ыраазы


Американын НАТОдогу элчиси Николас Барнс НАТОнун Ооганстанга бейпилдик күчтөрүн жиберүү тууралуу чечимин кубаттады. Аны ооган элине эл аралык коомчулуктун атынан жасалган чоң жардам катары баалады. Эскерте кетели, НАТО ушул жума күнү Ооганстанда 9-октябрда боло турган президенттик шайлоо алдында бейпилдикти сакташ үчүн бул өлкөгө 2000 аскер жөнөтүү чечимин кабыл алган. НАТОнун катчысы Йаап де Хооп Схеффер испаниялык жана италиялык аскерлер сентябрь айында Ооганстанда болуп каларын убада кылган.

XS
SM
MD
LG