Кечээ күнү түшкө жуук башталган комиссия жыйынынын кыргыз делегациясын вице премьер министр Базарбай Мамбетов, ал эми өзбек тараптыкын бул өлкөнүн вице премьер министри Рустам Юнусов жетектеди. Кыргыз тарап комиссия жыйынында 21 маселени , ал эми өзбек тарап 9 гана маселени кароону сунуштаган. Делегация жетекчилеринин жыйын соңунан кийинки билдирүүсүнө караганда, каралчу маселелердин саны боюнча эки түрдүү пикирге карабай, эки тарап талкуулону каалаган бардык маселелер боюнча пикир алмашты. Ал эми жыйын соңунда мамлекеттик чек арадан өтүү пункттары боюнча макулдашууга, 1996-жылы эки өкмөт ортосунда түзүлгөн “Эркин соода” тууралуу келишимге өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу протоколго, комиссиянын алтынчы отурумунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. Чек арадан өтүү пункттары боюнча макулдашууга ылайык эки мамлекеттин делимитацияланган чек ара бөлүгүнө 14 өткөрмө пункттары коюлуп,алар аркылуу эки мамлекеттин атуулдары эки тарапка мыйзам чегинде өтө алат. Бирок ишембидеги жыйында эки тарап суу-энергетика, газ боюнча кызматташууда макулдашууга жете алышкан жок. Өзбек вице премьер министринин айтымында бул маселелер боюнча министрлер деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланат:
- Газ, суу-энергетика маселелерин мындан ары такай министрлер деңгээлинде талкууланыш керек деген пикирге келдик. Кандайдыр бир чечилбеген маселе болсо алар комиссия төрагаларына кабарлаш керек. Биз бул маселелерди комиссия жыйынында эле эмес, күн сайын талкуулап, пайда болгон маселелерди чечип турушубуз керек.
“Кыргызгаз” акционердик коомунун башчысы Автандил Сыдыковдун журналисттер менен маегиндеги айтымына караганда, Өзбекстан Кыргызстанга июнь айынан тарта газ берүүнү токтоткон. Буга “Кыргызгаздын” “Узтрансгазга” валюта жагынан 3 миллион доллар, ал эми товардык-материалдык баалуулуктар боюнча 8 миллион долларга жакын карыз болушу себепкер болууда. Газ сатып алуу боюнча жаңы келишимди түзүү болсо мына ушул карыздар эле эмес, өзбек тараптын мындан ары газды жалаң гана валютага сатабыз деген бекем позициясы менен да татаалдашууда. Анткени толук валюта менен төлөөгө биздин чамабыз жок, деп белгиледи Автандил Сыдыков.
Жыйын соңунда айкын болгондой Өзбекстан Кыргызстандын электр энергиясын жана суусун алууга да куштар эмес. Бирок бул маселе боюнча тараптар сүйлөшүүнү улантат.
Кыргыз тарап комиссия жыйынынын күн тартибине учурда Өзбекстан пайдаланып жаткан Алабука районунда жайгашкан Ортотокой суу сактагычын, Сохтун тегерегиндеги мунай чыккан жайларды, ошол эле Сохтогу газ сактоочу жайды Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин койгон. Суу сактагыч боюнча талкуунун жыйынтыгы тууралуу Базарбай Мамбетов буларды билдирди:
- Ортотокой боюнча да сүйлөштүк. Бирок протоколго киргизген жокпуз. Биз бул маселе боюнча ишти улантайлы деп чечтик.
Ал эми Сохтогу газ сактоочу жай жана мунай чыккан жерлерди Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча иштер улантылмакчы.
Жыйында Кыргызстандын Өзбекстанга 1990-жылдардын башында пайда болгон 11 миллион 348 миң доллар карызын төлөө маселеси да талкууланды. Аны төлөөнүн мөөнөтүн аныктоо боюнча каржы министрликтери иштемекчи.