Ушул шейшембиде Женевада Дүйнөлүк соода уюмунда жалпы жер жүзүндөгү сооданы либералдаштыруу боюнча сүйлөшүү башталмакчы. Соода уюмунун делегаттары тарабынан даярдалган жаңы планда айыл-чарба соодасында, кызмат көрсөтүүдө жана бажы иштери боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн жалпы жоболору иштелип чыккан. Өнүгүп келаткан өлкөлөр, ошондой эле Австралия сыяктуу экспорттоочулар "сунуш этилип жаткан чаралар жетиштүү эмес" деп эсептешет. Алар бардык экспорттук субсидияларды кескин кыскартып, соода эрежелеринин акыйкаттыгын кепилдөөнү каалашат.
Европа Шериктештигинин тышкы иштер министрлеринин 26-июлда Брюсселде өткөн чукул жыйынында мына ушул сүйлөшүүдө бирдиктүү позиция иштеп чыгуунун жолдору талкууланды. Министрлер ошондой эле Дарфурдагы кризисти сөз кылышты. Судандын оппозициядагы Боштондук Армиясы Бириккен Улуттарды, Европа Шериктештигин, Африка Биримдигин жана Кошмо Штаттарды Дарфурдагы кыргынды дароо токтотуу үчүн шашылыш чара көрүүгө чакырууда. Шериктештик кабыл алган билдирүүнүн долбоорунда Европа өлкөлөрү Дарфурдагы өздөрүн Жанжавеед деп атаган куралдуу топтун укук бузууларына тынчсыздануу айтылган. Билдирүүдө мындай укук бузуулардын арасында аялдарды зордуктоо кеңири тараган көрүнүшкө айланганы белгиленет. Ошол эле убакта Голландиянын тышкы иштер министри Бен Бот мындай кийлигишүүгө убакыт жете элек деп билдирген. Голландия учурда Европа Шериктештигинин өтмө президенти.
Дарфурда кыргын салган куралчандардын басымдуу көпчүлүгү - арабдар, алардын курмандыктары - көбүнесе кара түстүү африкалыктар. Бирок Судандын тышкы иштер министри Мустафа Исмаил бул улуттар аралык же диний тирешүү эмес, уруулар арасындагы согуш деп билдирди:
- Суданда эл каралар менен актар, же арабдар менен африкалыктар деп бөлүнүшпөйт. Бардык судандыктар – Судандын атуулдары. Алардын баары - африкалыктар. Айыл-чарбасы менен жашаган уруулар бар, башкалары – көчмөндөр. Алар бул көчмөн урууларды бир жерден экинчи жерге көчүрүп жатышат. Ушундан улам уруулар арасында жаңжал башталды. Бирол бул кырдаалды улуттар ортосундагы тирешүү деген аша чапкандык, бул тескери маалымат таркатууга жатат.
Бириккен Улуттардын эсебинде, Дарфур калабасында аз эле дегенде 50 миң киши курман болду. Бир миллиондон ашык киши үйлөрүнөн ажырады. Жаңжал былтыр февраль айында кара түстүү африкалык улуттук азчылыктар арабдар үстөмдүк кылган борбордук бийликке каршы көтөрүлүш чыгарганда башталган эле.
АКШ, Европа Биримдиги жана Бириккен улуттар уюму Судандын өкмөтүн Жанжавеед тобун дароо куралсыздандырып, 8-апрелде жетишилген убактылуу элдешүүнүн шартын сактоого чакырышкан. Ал эми Дарфурдагы окуяларды кара түстүү африкалыктарга каршы "геноцид" деп мүнөздөгөн Кошмо Штаттары Суданга каршы санкция киргизүүнү сунуш этти. Британия аймакка 5 миң аскер жиберүүгө макул экенин билдирүүдө, ал эми Австралия тынчтык миссиясына аскер кызматкерлерин жөнөтүү жөнүндөгү БУУнун өтүнүчүн караштырып жатат.