Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

КЛИНТОН КЕРРИНИН ШАЙЛОО КАМПАНИЯСЫНА БАРАНДУУ САЛЫМ КОШОТ


АКШда бүгүн бийликтеги республикачылардын саясий атаандашы - демократтардын жалпы улуттук курултайы башталат. Төрт күнгө созулуучу курултайдын соңунда сенатор Жон Керри Демократиялык партиядан президенттикке расмий түрдө талапкер болуп бекитилмекчи. Жыйындын ишине 5 миңдей делегат, 15 миңдей журналист жана конок ирээтинде дагы 15 миңдей адам катышканы жатат. Коопсуздук чаралары жерден, абадан, деңизден да күчөтүлдү. АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана анын жубайы Хиллари курултайдын алгачкы иш күнүндө башкы ораторлордон болот.

Билл жана Хиллари Клинтондордон башка демократтар курултайынын алгачкы иш күнүндө мурдагы вице-президент, 2000-жылкы шайлоону азыркы президент Жорж Бушка уттуруп жиберген Ал Гор, ошондой эле АКШнын Демократиялык партиядан чыккан мурдагы президенттеринин дагы бири Жимми Картер сөз сүйлөшмөкчү.

Мунун алдында "Los Angeles Times" гезитинде жарыяланган интервьюсунда Билл Клинтон өзүнөн кийин президенттикке келген Жорж Буштун Ирак согушуна баруусунун тууралыгына күмөн саноо билдирген. Ал президент Жорж Буштун күн мурунтан чара көрүүнү караган доктринасын "амалкөй жана ишенимсиз багыт" катары атаган. "Ал-Каиданын" анабашы Усама бин Ладенди Бил Клинтон да өлкө үчүн чоң коркунуч деп эсептейт.

"Американын эли ким туура жана ким ката кылганын аныктай алат. Бирок Буштун администрациясы фактылар "ал-Каидага" Пакистандын ичинде колдоо көп экенин көргөзгөнүнө карабай, Иракты өлкө коопсуздугу үчүн ири проблема деп эсептеген. Ал эми азыр биз Иран менен көбүрөөк байланыштар болгонун да билип жатабыз", - дейт Бил Клинтон өз интервьюсунда. Бирок ал "Иракка кол салмак белеңиз?" деген суроого түз жооп берүүдөн баш тарткан. Клинтондун сөздөрүнө караганда, чечим кабыл алуудан мурда ал БУУнун инспекторлору өз ишин аякташына мүмкүндүк бермек.

Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Жон Керри сенатор катары Иракка каршы күч колдонуш үчүн добуш берген болчу. Анткен менен Жон Керри Буштун администрациясын мында Улуттар Уюмун сыртта калтырганы үчүн сындап жүрөт. Ал президент Буштун аскер үчүн колдонууга барышын ойлонулбаган кадам катары баалаган.

Демократтардын курултайынын төрагасы, Нью-Мексико штатынын губернатору Билл Ричардсондун айтымында, партия президент Буштун администрациясынын бир тараптуу саясатынын терс кесепеттерине көңүл бурат:

- Демократтар көңүл буруучу нерсе, эгер бир өнөктөштөрдү НАТОну, Улуттар Уюмун бааласак, АКШ бир тараптуулукка барбашы керек. Проблемаларды чечүүдө биздин биринчи тандоо - көп тараптуу чечим. Эгер бул болбосо, албетте биз эки тараптуу же бир тараптуу аракеттенбиз.

Билл Клинтон өз интервьюсунда АКШнын азыркы президентинин дарегине ачуу сөз айтуудан этияттанган. Жорж Бушту "чоң саясатчы" деп атоо менен катар Буш 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттарга жооп берүүдө жаңылыштык кетиргенин, ал муну ноябрдагы шайлоодо сезиши мүмкүн экенин кошумчалайт.

Айтор, британдык "Financial Times" гезитинин жазганына караганда, Билл Клинтон Демократиялык партиянын курултайындагы бүгүнкү сөзүнөн тартып, сенатор Жон Керринин президенттик шайлоо кампаниясына барандуу салым кошмокчу. Ал штаттарды түрө кыдыргандан башка, балким телерекламаларда да тартылышы мүмкүн. Телереклама жөнүндөгү маалыматтарды азырынча шайлоо кампаниясын тейлегендер ырастай элек.

Бирок ошол эле кезекте Клинтондордун үй-бүлөсүнүн быйылкы президенттик кампаниядагы ролу жөнүндө демократтар арасында башкача көз караштар да жок эмес. Атап айтканда, калк ичинде популярдуу Клинтондор негизги талапкер Жон Керрини көлөкөдө калтырбайбы деген кооптонуулар бар. "Financial Times"тын жазганына караганда, маселен, сенатор Хиллари Клинтон адегенде курултайдагы башкы сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген эмес. Эл телевизорду көп көрүүчү учурда сөз алуучулардын катарына ал кийинчерээк гана кошулду.

Билл Клинтондун жакында "Менин өмүрүм" деген аталышта эскермелери чыкканына байланыштуу АКШны кыдыра башташы да элди Жон Керриден алагды кылышы мүмкүн деген тынчыздануулар болгон. "Financial Times" жазгандай, Клинтон өзү ушул айдын башында Би-Би-Сиге берген маегинде "Мен качан "китеп- саякатымды" аяктаганда, сенатор Керри үчүн колдон келгендин баарын кылмакчымын. Бирок мен ал каалаган нерсени жасайм. Эгер ал мен үйдөн чыкпай эле гольф ойноомду кааласа, ага да макулмун",-деген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG