Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

ИРАКТА УБАКТЫЛУУ ПАРЛАМЕНТТИ ШАЙЛАШ ҮЧҮН УЛУТТУК ЖЫЙЫН ЧОГУЛАТ


Чолпон Орозобекова, Прага Иракта башаламандык жана зордук-зомбулук тыйылбай жаткан ушул күндөрү согуштан кийинки өлкө бийлиги саясий туруктуулукту калыбына келтируу үчүн бар аргасын жасоодо. Ушул аптада Ирак Улуттук Конференцияга даярдыктар менен алагды болууда. Бул жыйында Ирактын убактылуу өкмөтүнө көзөмөл кыла турган кеңештин курамы аныкталат. Жаңы улуттук кеңеш мамлекеттик бюджетти бекитүү, мыйзамдарды кабыл алуу жана министрликтердин саясатын жөндөө укугуна ээ болмокчу. Ирактагы суннийлердин жамааты жана шийилердин таасирдүү диниятчысы Муктада ас-Садр бул улуттук кеңешке катышуудан баш тартышты.

Ушул аптада Ирактын 1000дей атуулу өлкөнүн убактылуу парламентинин милдетин аткаруучу Улуттук кеңешти шайлаш үчүн конференцияга чогулмакчы. Ал эми жаңы түптөлгөн Улуттук кеңеш өткөөл өкмөткө бийликти толук өткөрүп берүүгө көмөктөшөт.

Бирок Ирактын кай бир атуулдары бул конференцияга делегаттар атайын шайланбагандан кийин, ал шайлай турган органдарга да ишеним көрсөтүүгө мүмкүн эместигин эскертишүүдө.

Ирактын Башкаруу кеңешинин өкүлү Аднан Пачачинин конституциялык жана юридикалык маселелер боюнча кеңешчиси Файсал ал-Истрабани “Азаттыктын” Багдаддагы кабарчысы менен ой бөлүшкөн. Анын айтымында, делегаттардын шайланбай келиши - диктатурадан демократияга кадам таштаган өткөөл учурда туура эле көрүнүш:

-Январь айындагы шайлоого жеткиче башыбыздан айрыкча күндөрдү кечирерибиз айкын. Биринчиден, 45 жылдан бери биринчи жолу Иракта шайлоого жол таштадык. Экинчиден, шайлоого дагы бир нече ай бар, андыктан колубузда башка дагы варианттар болгону оң.

Улуттук кеңеш, башкача айтканда, парламент өз милдетин убактылуу аткарат дагы, эмдиги жылкы парламенттик шайлоодон кийин мөөнөтү соңуна чыгат.

Лондондогу Падышалык бирдиктүү кызматташтык институтунун адиси Мустафа Алани Ирактагы бул конференцияга делегаттар шайлоо аркылуу эмес, тандоо жолу менен иргелсе да демократиялык кадам болду деп санайт:

- Менимче, бул нерсе Иракта демократиялык системаны карай башкы өзгөрүүгө алып келчү нук. Албетте, бул абдан мыкты эмес, идеалдуу дагы эмес, ар бир адамдын жүрөгүндөгү ойго жатпайт.

Ирактагы кооптуу кырдаалды жана саясий абалды эске алганда, Лондондук адистин пикиринде, бул улуттук конференция - демократияга ташталган олуттуу кадам.

Конференцияга 1000 делегат тандалмакчы. Алар бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, диний жана уруулук топтордун атынан жана элет жеринен катышары белгилүү. Конференцияда Улуттук кеңешке 100 депутат шайланышы керек.

Бирок бул конференцияга катышуудан кай бир саясий топтор баш тартууда. Кай бир саясий чөйрөлөрдүн бул жыйынды четке кагышы Улуттук кеңештин мыйзамдуулугуна доо кетириши ыктымал.

Муктада ас-Садр башында турган шийилердин радикал кыймылы жана сунний көтөрүлүшчүлөрү менен алакасы бар деп шектелген диниятчылардын жамааты конференциядан ырасмий түрдө баш тартты.

Лондондук эксперт Алани бул эки топ Ирактагы демократиялык жараян туңгуюкка кептелсе бийликти колго алуу үмүтү менен жашап жүрөт деген ойдо. Ошол эле учурда жыйынга баруудан баш тартуу менен алар коркунучтуу саясий оюнга баш коюшканын эскертет:

- Алар бул жыйындан баш тартуу менен өздөрүн обочодо калтырып жатышат. Өлкөдөгү саясий жараян оң жолдо баратат, андыктан эртеңки күндө бул топтор четте калып калары дайын.

Ирактагы бул жыйын кайсы күнү башталары азырынча белгисиз. Улуттар уюму аны август айына жылдырууну сунуш кылууда. Бирок Улуттук жыйында төрагалык кылчу Фуйад Массум убакыттан уттуруу элдин көзүнчө саясий жараянды жайлатуу болорун жар салды.

Иракта бийлик өткөөл өкмөткө берилгенден кийин кырдаал бир аз оңолгон менен, улуттук жыйын болгон күнү көтөрүлүшчүлөр алакан жайып отуруп берет деген кепилдик жок.

XS
SM
MD
LG