Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

ХАМИД КАРЗАЙ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК ҮЧҮН АТ САЛЫШАТ


Бүгүн (дүйшөмбүдө) Ооганстандагы президенттик шайлоого талапкерлерди расмий каттоо аяктады. Азыркы мамлекет башчы Хамид Карзай алдыдагы шайлоодо жеңип чыгаары күтүлгөн талапкер. Аны менен ат салышууга даяр он чакты талапкердин арасында мурдагы Түндүк ынтымактын өкүлдөрү, билим берүү министри Йунус Кануни менен өзбек колбашчы Абдурашит Достум да бар.

Июлдун 26сы – Ооганстанда президенттикке талапкер катары катталуунун акыркы күнү болду. Буга чейин ондон ашуун киши азыркы президент Хамид Карзай менен атаандашып чыгууга белсенээрин билдиришкен. Канча киши талапкер катары расмий катталганы бейшемби күнү гана айкын болот. Мыйзамга ылайык, президентикке талапкер болгусу келген киши 10 миң кол чогултууга жана эки саясатчыны өзүнүн болочокку вице-президенттери катары каттатууга тийиш.

Теги пуштун Хамид Карзай өзүнүн кош вице-президенттеринин бири катары улуту тажик Мохаммед Фахимди (Mohammad Fahim) көрсөтөөрү тууралуу жоромол кылынып жаткан. Бирок Фахим бул үчүн коргоо министри кызматын өткөрүп берүүгө тийиш болчу. Мохаммед Фахим буга көңүлсүнгөн эмес. Эми ал Түндүк ынтымактын өкүлү, билим берүү министри кызматын аркалап келген Йунус Кануни мырзанын президенттикке талапкердигин колдоп жатканы кабардалды.

Хамид Карзай мырза мамлекет башчылыкка талапкер катары чыгаарын бүгүн басма сөз өкүлдөрүнө расмий жарыя кылды:

- Кабул убакты боюнча саат 15:30да менин ооган бир туугандарым жана мен өзүм көз каранды эмес шайлоо комиссиясына бардык. Биз комиссиянын башчысына жана мүчөлөрүнө каттоо тууралуу кагаздарыбызды тапшырдык.

Хамид Карзай вице-президенттикке талапкер шериктери катары тажик саясатчысы, маркум колбашчы Ахмад Шах Масуддун бир тууган иниси Ахмад Зия Масудду (Ahmad Zia Masoud) жана хазара лидери Карим Халилини (Karim Khalili) тандап алды. Ахмад Зия Масуд ушул тапта өлкөнүн Орусиядагы элчиси кызматын аркалап жаткан.

Башка болжолдуу президенттикке талапкерлердин бири - Карзайдын кеңешчиси саналган ишмер, мурдагы Түндүк ынтымактын колбашчыларынын бири, улуту өзбек Абдурашид Достум. Ал өткөн бейшемби күнү эле президенттикке талапкер катары чыгаарын жарыя кылган. Июлдун 22синде ал Мазар-и Шарип шаарында өз тарапкерлеринин алдында дари тилинде мындай деп чыгып сүйлөгөн:

- Биз сиздердин ой-пикирлериңиздерди угалы деп жатабыз. Эмне кылуу керек, кандай багытты алалы, ушул жөнүндө кеңеш айтыңыздар. Сиздердин сөзүңүздөн – биздин сөз, сиздердин чечимиңиздер – биздин чечим.

Бул өзбек колбашчыны өлкөнүн түндүк аймактарында гана кеңири колдошоору маалым. Өлкөдөгү өзбек улутундагы атуулдардын саны калктын он пайызына да жетпейт. Бирок Мазар-и Шарип аймагы Достумдун өкүмүн таанып, Кабул бул аймакка жиберген, бирок Достум жактырбаган акимдерге жергиликтүү калк моюн сунбай койгон учурлар да белгилүү.

Ооганстанда болжол менен он миллиондой шайлоочу бар деп саналат. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, алардын сегиз миллиондою добуш берүү үчүн каттоодон өттү. Катталгандардын 41 пайызы – айымдар. Атуулдук согушту жана талиптик зулумдукту көргөн эл үчүн бул да болсо жаңы үмүт жараткан көрүнүштөрдөн деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG