Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Македонияда нааразылык акциясы өттү


Скопье. Кечээ Македониянын борбор калаасы Скопье шаарында миңдеген адамдар көчөлөргө нааразылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучулары өлкөдө жашаган этникалык албандардын укуктарын кеңейтүү боюнча өкмөттүн пландарына каршы экендиктерин билдиришти. Коомдук тартипти коргоо боюнча полиция Македониянын парламентинин имаратын коргоого алып турду. Анткени, депутаттар албандар көпчүлүктү түзгөн аймактарда аларга көбүрөөк укуктарды ыйгаруу маселесин карашмакчы. Македон өкмөтүнүн албандардын укуктарын кеңейтүү боюнча планы мындан үч жыл мурда өкмөттүк күчтөр менен албан жоокерлеринин ортосундагы кагылышууларга чекит койгон Охрид макулдашуусунун жыйынтыктоочу баскычы болмокчу. Бирок нааразылык акциясынын катышуучулары өкмөттүн мындай планын ишке ашыруу Македонияны этникалык белгилер боюнча бөлүнүшүнө алып келет деген пикирлерин айтышты.

XS
SM
MD
LG