Анын айтканына караганда:
- Шукшин – бул Орусиянын айкын элеси жана чыныгы орус адамынын образы.
Василий Шукшиндин ысымы кыргыз китеп окуучуларына кыйла белгилүү деп ойлойм. Анын аңгемелер жыйнагын кезегинде Сагын Наматбаев которгон.
Жазуучу өмүрүнүн акыркы жылдарында киного тартылуу, кино коюу менен алек болгон. Акыры киного тартылып жүрүп 45 жаш курагында 1974-жылы 2-октябрь күнү капилеттен мүрт кеткен. Көзү тирүү кезинде орус адабиятынын классиги болуп оозго илинген маркумдун сөөгү ал күздө Москванын Новодевичьи көрүстөнүнө коюлган. Шукшиндин жактырып алган жары, белгилүү киноактриса Лидия Федосеева-Шукшина аны мындайча эскерди:
“(Бир курдай – ММ.) эңсегениң эмине? – десем, Степан Разинди киного тартсамбы дейм. Ага дейре сени киного тартып, сенин ал жерде “Кызыл калинаны“ ырдашыңды самайм деген эле”, - дейт ал.
Баса, кино күйөрмандары жакшы билишер, Лидия Федосеева-Шукшина кыргыз режиссеру Динара Асанованын кинолорунда көп ролдорду ойногон.
Эстеликке кайра келсек, боз дөбөдө жалгыз олтурган жез Шукшинди Сростки кыштагынын тургундары кантип кайтаруунун амалын таппай, кыжаалат болушканын журналисттерге айтышыптыр. Атын атагысы келбеген, жазуучунун эски кошуналарынын бири, элди жакырчылык жакадан алып турганда, шылуундар эми эстеликти тим койбойт деген чочулоосун айтыптыр:
- Бирткеден кийин биздин эл кичинеден четинен кесип, сатып, акча тапканга өтүшөт.
Жазуучунун экинчи бир кошунасы Дмитрий Воровьев таң атпай эстеликтин жанына барып, ал жерде:
- Кечөө орнотушту эле. Мен эртең менен саат жетиде бул жерге келдим. (Маркум – ММ.) демейде, алыс сапарынан кайткан сайын, менин үйүмө сөзсүз кирер эле. Кирип ”Митя аба, кантип атасың?” дээр эле. Мен “анча деле жаман эмес дээр элем”, - дептир.