26-июлда жарыка чыккан «Вечерний Бишкек» гезитинде «Партиялык мандатпы?…Кезекке» деген макала жарык көрдү. Анда автор Данияр Каримов жакында Кыргызстанда саясий олимптеги оюнчулар алмашат, шайлоолор деп аталган спектаклдин биринчи актысы башталаарына аз калды, деп белгиледи. Автордун айтымында, саясий оюнчулар азыр туулган айылдарында салмактуу позицияларды ээлөөгө аракет кылып жатат. Ал эми жакынкы шайлоолор - Жогорку Кенештин мандатын алуу үчүн жарыштын башкы репетициясы деди автор. Макалада , борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев элдин эч кандай шек саноосу болбош үчүн БШК өкмөт үйүнөн башка имаратка көчөт деген убада берген.
«Вечерний Бишкек» басылмасынын ушул эле санында маңзаттарды контролдоо боюнча агентство АКШ тараптан 4 Нива, 1 УАЗ кичиавтобусун, 23 компьютер, 50 рация, жалпы эсебинен 130 миң доллар турган атайын байланыш каражаттарды алганы тууралуу маалымат берилген. Юрий Кузьминых баңгизаттарды кармоо боюнча операциялардын жүрүшү туурасында жазган.
Мындан тышкары, гезитте ИИМдин кызматтык кылмыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сабырбек Курманалиевдин маеги орун алган. Анда өлкөдө коррупция маселеси курч турганды, ошондон улам укуктук негиздерди жакшыртуу зарылдыгы, антпесе коррупция уламдан улам күч ала берет деген ой билдирилген.
27-июлда чыга турган «МСН» басылмасынын кыскача мазмуну менен гезиттин жооптуу катчысы Генадий Кузьмин тааныштырат:
- Июлдун башында башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кенештин Эл өкүлдөр жыйынында «Жибек Жолу» кредиттик макулдашуусу боюнча суроону көтөргөн. Бул маселе боюнча «Эми кантип уурдабай коёт» деген макаласында автор Вячеслав Тимирбаев «Жибек Жолу» АК кредит алып, балдар үчүн тамактарды жасамак, бирок эч нерсе чыгарбай, кредитти да кайтарып берген эмес. Ошондой эле автор Балыкчы-Каракече, же болбосо Чолпоната-Алматы автожолдорун оңдоого деп алынган кредиттер каяка кетти деген суроону койгон. Автордун позициясы боюнча өлкөдө экономикалык реформалар кагазда гана жүргүзүлүп жатат.
Басылманын ушул эле санына эл аралык валюта корунун мурдагы өкүлү Башор Мухопадия жана жаңы өкүлү Майкл Меред менен маек жарыяланган. Анда эки өкүлдүн Кыргызстандагы жасаган иши жана келечекте кандай өзгөрүүлөр боло турганы тууралуу пикирлери чагылдырылган.