Өкмөт үйүндөгү чоң жыйындар залында өткөн чогулушта адегенде премьер-министр Николай Танаев сөз сүйлөп, өлкөнүн жарым жыл ичиндеги өнүгүүсү, социалдык-экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, быйылкы жылдын алты айында ички дүң продукты 109% өстү жана мындай тенденцияны сактоого шарт бар:
- Жарым жылдын жыйынтыгы келечекте 8-10% экономикалык өсүштү камсыз кыла алаарыбызды айкын көрсөтүп турат. Бул үчүн бардык шарттар бар. Өлкөдө социалдык-саясий туруктуулук сакталып турат. Эл аралык терроризмдин коркунучу четтетилди.
Андан кийин мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов социалдык мобилизациялоо жылында жасалып жаткан иштерге токтолуп, жалпы отчет ноябрь айында чыгарылаарын билдирди. Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева облуста курулуш күч алып жатканын, бирок айыл чарба продукциясын сатууну уюштурууда өкмөттөн жардам керектигин айтып өттү.
Карасуу районунун Мады айыл өкмөтүнөн келген Анвар Абдыкеримов, Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Ирина Штильмах социалдык мобилизациялоо жылында өз айылдарында жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Германиянын Кыргызстан менен техникалык кызматташуу агенттигинин өкүлү Ульрика Реслердин сөзү жасалып жаткан иштерди так, далилдерди келтирүү менен айткандыгы боюнча өзгөчөлөндү. Германиялык уюм Баткен облусунун 200 айылынын 50сү менен кызматташып, ал жерлерде жол куруу, дыйкан, малчыларды окутуу, жаштарды усталыкка үйрөтүү, каналдарды оңдоп–түзөө иштерин жүргүзүүдө. Ульрике Реслердун айтымында:
- Билим берүү боюнча долбоордун алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен 20 мектеп ремонттон өткөрүлдү. Анын ичинде бир мектеп жаңы салынды.
Жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Аскар Акаев кийинки жарым жылдыкта да экономикалык өсүш уланаарына ишенээрин айтып, ал эми эгемендүүлүктүн жылдарында калктын турмушунда базар мамилеси бекем орун алып, ал жемишин бере баштады, деп билдирди. Президент буга чейин жасалган реформалар тууралуу буларды айтты:
- Биздин мурунку жылдары жасаган реформаларыбыздын максаты - элибизди азыркы дүйнөнүн экономикалык даңгыр жолуна чыгаруу эле. Калкыбызды жаңы замандын экономикалык тартибине көндүрүү, ички түзүүчүлүк потенциалды жарыкка чыгаруу болчу. Эми ал реформалардын үзүрүн көрө баштадык.
Мамлекет башчысы андан аркы сөзүндө Ош-Бишкек автожолун оңдоонун үчүнчү бөлүгү башталганын, ал эми “Манас” - эл аралык стандартка туура келген аба майданга айлантылып , “Тамчы” аба майданын ошондой деңгээлге чыгаруу үчүн өкмөт 5 миллион доллар бөлүп, тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо үчүн жапон өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Социалдык-мобилизациялоо жылында калктын ден соолугун чыңдоо үчүн массалык спортту өнүктүрүү ишине өкмөт өзгөчө көңүл буруш керек. “Көчөлөрдө тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди рекламалоо - аларды пайдаланууну көбөйтүп, бул өз кезегинде элдин ден соолугуна терс таасир берип жатат”, деп белгиледи мамлекет башчысы. Президенттин ушундай сөзү менен жумуруяттык кеңешме соңуна чыкты.