Сунуш кылынган административдик реформа боюнча Македониядагы 123 муниципалитеттин ордуна 80ге жакын жергиликтүү кеңеш түзүлүш керек. Натыйжада, албандар элдин көпчүлүгүн түзгөн айрым аймактар азыр македондор үстөмдүк кылган муниципалитеттер менен кошулат да, албандардын жергиликтүү бийликтердеги таасири күчөйт. Өлкө борбору Скопьеде көчө жазуулары жана ырасмий кагаздар кош тилде жүргүзүлө баштайт.
Көп улуттуу өкмөттүн айтымында, бул чаралар калкынын төрттөн бирин түзгөн Македонияда тынчтыкты жана демократияны орнотууну көздөйт. Өкмөт Евробиримдик колдогон береги план өлкөнү федерацияга бөлүүнүгө алып барат деген пикирге макул эмес.
Сунуштун каршылары дүйшөмбү күнү Скопьеде 10 миңден 15 миңге чейин адам катышкан наарызылык жүрүшүн өткөрдү.
Акцияны оппозициядагы Ички Македониянын революциячыл уюму - Македониянын улуттук биримдиги үчүн Демократтык партиясы уюштурду.
Ораторлор 2001-жылкы Охрид тынчтык келишимине же Македониянын Евробиримдикке жана НАТОго кирүүсүнө каршы эместигин айтышып, бирок өкмөттү элдин эркине каршы мыйзамды парламент аркылуу өткөрүүгө аракеттенүүдө деп күнөөлөштү. Оппозициячыл кыймылдын баштоочусу Никола Груевски өз сөзүндө:
-Биз эл менен ойнобошубуз керек. Биз өкмөт таңууламакчы болгон аймактык бөлүүлөргө “жок” деп айтканы бүгүн түнү буерге чогулдук, деди.
Либералдык партиянын мүчөсү Стоян Андов болсо мындай деди:
-Бу сыяктуу иштерди парламент чечпеш керек. Муну эл өзү чечиш керек.
Македониялык таанымал инсандар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан Скопьедеги демонстрация нөшөрлөгөн жаанга карабай бир нече саатка созулду.
Оппозициянын кээ бир башчылары маселе боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышты. Алардын ырасташынча, референдумду колдогон 100 миң адамдын колу топтолгон. Конституция референдум өткөрүү үчүн 150 миң кол чогултууну талап кылат.
Скопьедеги демонстрация тынч өттү. Бирок жума күнү Струга шаарчасында болгон нааразылык акциясы түн бою уланып, анын катышуучулары полицияга бомбаларды ыргытып, ташбараңга алды. Кагылышта кеминде 30 киши жарадар болду. Ички иштер министри полициянын эскорту астында араң качып кутулду.
Дүйшөмбү күнү Скопьеде болгон чоң акцияга карабастан, Лондондогу Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун талдоочусу Ана Петрушева өкмөт өз планынан кайтпайт деп боолгойт:
- Оппозиция зарыл болгон санда кол топтосо өкмөт, конституцияга жараша аны четке кага албайт жана рефрендум өткөрүш керек болот. Бул кошумча түшүнбөстүктү жана этникалык араздашууну жаратат. Аны көргөн албандар референдум македондордун таламын колдосо, биз да албандар арасында ошол сыяктуу акцияны уюштурабыз деп чыгышат.
Парламент Административдик реформа жөнүндөгү мыйзамды бир нече күн талкуулайт деп күтүлүүдө. Оппозиция мыйзам долбоору боюнча 150гө жакын түзөтүү киргизген.