Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

ЕВРОПА БИРИМДИГИ СУДАНДАГЫ КРИЗИСКЕ КИЙЛИГИШҮҮГӨ ДАЯР


Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Судан өкмөтү Дарфур чөлкөмүндөгү гуманитардык кризисти токтото албаса, ага каршы санкциялар киргизилээрин эскертишти. Дүйшөмбүдө Брюсселде өткөн министрлер жыйынында Германия, Британия, Швеция – Суданга каршы чараларды дароо киргизүүнү сунуш кылып, Франция каршы чыккандыктан, маселе кийинкиге калтырылды.

Ошентип, Евробиримдикке кирген өлкөлөр Судан өкмөтүнө каршы санкциялар киргизүү маселесинде мунаса таба алышкан жок. Ырасми Хартумга катаал чаралар аркылуу кысым көрсөтүү демилгесин Германия баш болгон өлкөлөр көтөрүшкөн.


Брюсселдеги жыйында Голландиянын тышкы иштер министри Бернард Бот Евробиримдикти кабатыр кылган жагдайларга ушу тапта Европаны кыдырып жүргөн Судандык башкы дипломат Мустафа Осмон Исмаилдин көңүлүн бурууну сунуш кылды:

- Биз Судан өкмөтүнө кысым көрсөтүүнү улантабыз, ал тууралуу бүгүнкү декларацияда да айтылды. Бирок менимче, андан да маанилүүсү, Судандын тышкы иштер министри менен жолугушууларда да ага Евробиримдиктин көз карашын, азыркы саясатын жакшылап түшүндүрүү керек.


Еврошаркеттин министрлер жыйынында кабыл алынган билдирүүдө - Судан өкмөтү эл аралык келишимдерде каралган милдеттенмелерди толук аткара баштабаса, Бириккен улуттар уюму ага каршы айрым чектөөлөрдү киргизүүсү зарыл деп айтылган.


Маалымат агенттиктери кабарлагандай, Суданга каршы дароо катаал чаралар кабыл алуу сунушун Франция чечке какты. Франция башынан эле Судандагы кыргынды токтотуш үчүн ал жакка аскерлерди жиберүү, же санкцияларды киргизүүгө макул болбой келаткан. Брюсселдеги жыйында да Франциянын тышкы иштер министри Мишель Барнье Дарфурдагы кризисти жөнгө салуу жоопкерчилиги – 53 мамлекет кирген Африка Биримдигине мойнундагы иш деп белгиледи:

-Биз Африка кошуунунун аракеттерин колдогубуз келет, Судан жайгашкан континенттеги ушул биримдик Дарфурдагы кан төгүүнү токтотуу, ал жердегилерге гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин өзүнө ала алат. Ошондуктан мен эртең Суданга барганда да Еврошаркет Африка Биримдигин колдой турганын айтам.

Франциянын тышкы иштер министри андан аркы сөзүндө Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Дарфурдагы жаатташкан тараптарга таасир этиши мүмкүн деп кошумчалай кетти.

Еврошаркет жакында Суданга 208 млн. евро өлчөмүндөгү гуманитардык жардам бөлүштүргөн. Андан тышкары Африка Биримдигинин Судандагы кан төгүүнү токтотуу жолдорун изилдеп-байкай турган миссиясынын ишине 12 млн. евро берип, ал миссияга өзүнүн сегиз экспертин кошкон.
Еврошаркеттин өкүлдөрү соңку күндөрү Дарфурга гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн болуп калганын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG