Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

ДЕМОКРАТТАР ЖОРЖ БУШТУН КЕҢСЕСИН КУРЧ СЫНГА АЛУУДА


Кошмо Штаттардын түндүк чыгышындагы Бостон шаарында оппозициядагы Демократтык партиянын улуттук курултайы уланууда. Жыйындын экинчи күнү партиянын беделдүү мүчөлөрү Буштун администрациясын америкалыктардын үмүтүн актабады, эл аралык коомчулукту бөлдү деп сындашты. Ал эми президенттикке талапкер Жон Керринин принципиалдуу жана өзүнө ишенген курч баштоочу деп мүнөздөштү. Керринин зайыбы болсо, анын күйөөсү АКШнын дүйнөдөгү ордун бекемдөөгө “опол тоодой” салым кошот деди.

Биздин радиоунун кабарчысы Роберт МакМахондун Бостондон билдиргенине караганда, Демократтык партиянын өткөн ийгиликтеринин жана эртеңки болочугунун символу саналган саясатчылар Ирактагы согушту жаңылыштык деп жарыша кайталашып, президент Буштун администрациясын төрт жылда бир болчу курултайда курч сынга алышууда.

Өлкөдөгү таанымал саясый династиянын башчысы, сенатор Эдвард Кеннеди өз сөзүндө Республикачылыр партиясы 2001-жылдын 11-сентябрда АКШнын шаарларында болгон террордук чабуулдардан кийин эзелки союздаштарды өлкөдөн алыстатты деп күнөөлөдү:

-Администрация узактан берки союздаштарды жоготту. Американын коопсуздугун бекемдөө ордуна, аны ого бетер бошоңдотту. Алар муну менен терроризмге каршы согушту, “ал-Каидага” каршы согушту жеңүүнү татаалдантышты. Мунун бири да болбош керек болчу.

72-жаштагы Кеннеди ошондой эле партиялаштарын чечкиндүү аракетке үндөдү.

Иллинойстук делегат-мыйзамчы Барак Обама улутту биримдикке чакырган кайрылуусунда Жон Керриге “өлкөнү саясый караңгылыктан чыгаруу” зырылдыгын айтып, Буштун администрациясын Ирактагы согушта натуура тактика колдонууда деп сындады:

-Согушка жаш жигиттер менен аялдарды жөнөтүп жатканда, биз алардын саны жана алар эмне себептен баратканын жашырбай айтуу, алардын үй-бүлөсүнө кам көрүү, жоокерлердин аман-эсен кайтып келүүсү жөнүндө ырасмий түрдө милдеттенме алабыз. Биз согушта жеңүү, тынчтыкты камсыздоо жана дүйнөнүн урамытына ээ болуу үчүн урушка жетишсиз аскер менен барбашыбыз шарт.

42 жаштагы Обама ноябрда Иллинойс штатынан сенатор болуп шайланса, өлкөдөгү бирден бир Африка-америкалык сенатор болот деп боолгонууда.

Керринин зайбы Тереза Хейнс күйөөсүн тайманбас саясатчы катары сыпаттап, ал айлана-чөйрөнү коргоону жакшыртуу жана башка багыттагы аракети менен өлкөдө кадырын жоготкон “моралдык жоопкерчиликти” кайра калыбына келтирет деди.

Мультимиллионер-филантроп катары таанымал Тереза Керри биринчи ирет жалпы улутка кайрылып жасаган сөзүндө оюндагысын адатынча тартынбай ачык айтты:

-Менин бир үмүтүм - жакынкы бир күндө өз пикирин айтуу укугуна өз мээнеттери менен татыган аялдар - ойду тең бөлүшүүчү деп аталбастан, эркектер сындуу акылдуу жана жакшы кабардар деп аталышат.

Байкоочулардын айтышынча, Терреза Керринин бу сындуу “ойку-кайкы” айтылып, жашоо чындыгын акыйкат чагылдырган сөздөрү президенттикке талапкер күйөөсүн колдогон тарапкерлердин санын көбөйтөрү калетсиз.

Шаршемби күнү Керринин өнөктөшү, Түндүк каролиналык сенатор Жон Эдвардс курултайдын катышуучулары алдында вице-президенттикке талапкер деп ырасмий түрдө жарыяланат.

XS
SM
MD
LG